Жакупованын коттежи Атамбаевге карызды төгүү үчүн сатыкка чыгарылды

«Адилет» укук коргоо уюмунун башчысы Чолпон Жакупова.Сүрөт: Res Publica

Бишкектин Октябрь райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге үч миллион сом моралдык зыян төлөп берүү үчүн укук коргоочу Чолпон Жакупованын коттежин сатыкка койду. Жакупованын мүлкү Ысык-Көлдө жайгашкан.

Судья Кымбат Архарова 14-февралда Атамбаевдин өкүлүнүн Чолпон Жакупованын коттежин сатыкка чыгаруу боюнча арызын канаааттандырды.

Ошондой эле, Атамбаевдин ар-намысы менен кадыр-баркын кемсинтүү  боюнча күнөөлүү деп табылган «Заноза» басылмасынын түзүүчүлөрүнүн бири Нарын айыптын батиринин үчтөн бир бөлүгүн сатуу сатыкка чыгаруу боюнча соттук жыйын 22-февралга жылдырылды.

Жакупова Атамбаевге 3 млн, ал эми Нарын Айып 9 млн сом төлөп бериши керек.

Ушул эле иш боюнча өтүп жаткан Дина Маслова Атамбаевге 3 млн сом төлөп бериши керек, бирок сот анын сатыкка коё тургудай мүлкү жок.

Мурдараак Жакупова, Айып жана Маслова сотко Атамбаевге акчаны ай сайын маяналарынан 50 пайыз берип, бөлүп төлөп турууну сунушташкан. Бирок сот алар бардык сумманы бир эле убакта төлөп кутулуулары керек деп эсептеген.


ТЕМА БОЮНЧА: