Атамбаев Жакупова менен Айыптын мүлкүн сатыкка чыгарууну талап кылды

Кыргызстандын мурдагы президенти. Сүрөт: Султан Досалиев, президенттин басма сөз кызматы.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү укук коргоочу Чолпон Жакупова жана «Заноза» басылмасынын түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айыптын мүлкүн сатыкка чыгарууну талап кылды. Жакупова Атамбаевге 3 млн сом, ал эми Айып анын «ар-намысы менен кадыр-баркын кемсинткени» үчүн 9 млн төлөп бериши керек.

Жакупова менен Айып арыздын көчүрмөсүн 13-январда алышкан. Сатыкка Ысык-Көлдөгү Жакуповага таандык коттежди жана Нарын Айыптын карамагындагы батирдин ⅓ бөлүгүн чыгарууну талап кылышууда. Сот азырынча бул арызды карай элек, сот отуруму азырынча кайсы күнгө дайындалганы да белгисиз.

Айып «Клооптун» кабарчысына курган маегинде Атамбаевдин өкүлүнүн негизги максаты ага каршы кылмыш ишин козгоо экенин айтты.

«Кайсы келесоо ашканасы менен жууна турган жайы бир батирдин үчтөн бир бөлүгүн сатып алмак эле? Баасы түшүп кетет, 100 сомго сатып, анан мен дагы 8,9999 млн беришим керек деп айтышат. Мына ушундай акылсыздык. Эптеп эле мага сот чечимин аткаруудан качып жатат деген себеп менен кылмыш ишин ачууга чейин жеткирүү керек», — деди ал.

Жоопкерлер сотко маяналарынын 50 пайызын берип туруу менен ай сайын Атамбаевге акча төлөп турууну сунуш кылышкан. Бирок сот алар бардык өлчөмдөгү акчаны бир жолку төлөм менен бериши керек деп эсептеген.

«Кимдин мынчалык акчасы бар? Бардыгы адам кара ниеттик менен төлөбөй жатат дегенге бара жатат, бирок мен кара ниет менен эч нерсе кылган жокмун, эч жакка качпадым, кеткен жокмун, бардык сотко келип жүрдүм», — деди Айып.

Айып менен Жакуповадан тышкары Атамбаевдин арыздары боюнча «Занозанын» дагы бир түзүүчүсү Дина Маслова, «Ата Мекен» оппозициялык партиясынын юристтери Канатбек Азиз жана Таалайкүл Токтакунова дагы өтүүдө.

Маслова Атамбаевге 3 млн сом төлөп бериши керек, бирок сот анын сатыкка чыгара тургудай мүлкү жок.

Азиз менен Токтакунова Атамбаевге жалпысынан 10 млн сом бериши керек, сот алардын эсептерин камакка алган.

ТЕМА БОЮНЧА: