Бишкек—Ош жолунда 7 тонна лампа ташып бараткан унаа оодарылып кетти

Жети тонна лампа жүктөп бараткан жүк ташуучу унаа Бишкек — Ош жолунда 16-февралда оодарылып кеткен. Жабыркагандар жок.   

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова «Клоопко» билдиргендей, Бишкек — Ош жолунун 420-километринде 16-февраль күнү кечинде оор жүк ташуучу унаа сол капталына кулап калган.

Маалыматка ылайык, Mercedes-Benz Actros унаасы 7 тонна салмактагы лампа жүктөп бараткан.

«Унааны көтөрүү үчүн Кара-Көл шаардык куткаруу бригадасы жана бир техника тартылган. Жүк ташуучу унаанын жана товардын салмагы оор болгондуктан аракеттерден майнап чыккан жок» — деп токтолду Шерипова.

Шерипова кабарлагандай, учурда аны чыгарууга оор жүк ташуучу унаалардын автокранын колдонуу маселеси каралууда.  

Басма сөз катчы окуяда жабыркагандар жоктугун жана унаа «Нур Транс» жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык экенин кошумчалады.


 ТЕМА БОЮНЧА: