Атамбаевдин өкүлү: Биз Айыптын мүлкүн тартып алууну көздөгөн жокпуз

«Занозанын» тең түзүүчүсү жана журналист Нарын Айып.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурлан Сыдыков журналист Нарын Айыптан 9 млн сом кун төлөтүү боюнча талапты кайра карап чыгууга даяр экенин билдирди. Ал 14-февралда соттон Айыптын батиринин үчтөн бир бөлүгүн сатыкка чыгарууну талап кылып, бирок сот отуруму жылдырылган.

Сыдыков эгерде сотто сатыкка чыгарылмакчы болгон батир Айып үй-бүлөсү менен жашап жаткан жападан жалгыз турак экенин далилдешсе өз талаптарын кайра карап чыгууга даяр экенин «24.kg» басылмасына билдирген.

«Мүлктү тартып алууну көздөгөн жокмун. Болгону биз сот чечиминин аткарылышынын варианттарын карап жатабыз. Тилекке каршы, мурдагы сот жыйындарында бул батир жалгыз турак экени эсептелгени жана Нарын Айып анда өз үй-бүлөсү менен жашап жатканы боюнча кандайдыр бир далилдерди келтирген эмес», — деди Сыдыков.

Нарын Айып «Клооптун» кабарчысына курган маегинде билдиргендей, Атамбаевдин өкүлдөрү ага өз талаптарын кайра карап чыгууга даяр экени боюнча билдиришкен эмес.

«Ал бул нерсени "24.kgнин" кабарчыларына айтып, а бизге кабарлабаганы таң калычтуу», — деди Айып.

Мурдагы президенттин өкүлдөрү 15-январда Нарын Айып менен укук коргоочу Чолпон Жакупованын да мүлкүн сатыкка чыгарууну талап кылышкан. Жакупова да Атамбаевдин «ар-намысы менен кадыр-баркын кемсинтүү» үчүн кун төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Бишкектин Октябрь райондук соту 14-февралда үч миллион сомду өндүрүү үчүн Жакупованын Ысык-Көлдөгү коттежин сатыкка койгон. Ал Атамбаевге үч миллион сом, ал эми Нарын Айып 9 млн сом төлөп бериши керек.

22-февралда Нарын Айыпка таандык батирдин үчтөн бир бөлүгүн сатыкка чыгаруу боюнча сот отуруму болот.

Ушул эле иш боюнча өтүп жаткан «Заноза» басылмасынын түзүүчүлөрүнүн бири Дина Маслова Атамбаевге 3 млн сом төлөп бериши керек, бирок анын сатыкка коё тургудай мүлкү жок.

Мурдараак Жакупова, Айып жана Маслова сотко Атамбаевге акчаны ай сайын маяналарынан 50 пайыз берип, бөлүп төлөп турууну сунушташкан. Бирок сот алар бардык сумманы бир эле убакта төлөп кутулуулары керек деп эсептеген.


ТЕМА БОЮНЧА: