Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин изилдеген комиссиянын иши бир айга узарды

Жогорку Кеңештин жыйыны

Парламент Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариянын себептерин изилдөө боюнча депутаттык комиссиянын ишин бир айга узартты. Алдын ала жыйынтыктарга ылайык, авария ишкананын кызматкерлеринин мүчүлүштүктү жоюу боюнча макулдашылбаган аракеттеринен, жабдыктардын жана имараттардын суукка даяр эместигинен улам болгон.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, депутаттар 22-февралда комиссиянын ишин 1-марттан тарта 1-апрелге дейре узарткан — эл өкүлдөрү ЖЭБдеги авариянын себептерин жана жаңылоого кеткен чыгымды изилдеп жатышат.

Депутаттар Кытайдын TBEA компаниясынын ЖЭБди 386 млн долларга жаңылоосунда коррупция болгон деп шектенишүүдө — негизинен, Кытай компаниясы тарабынан грант катары берилген 20,3 млн доллары бөлүнгөн каржаттын негизги суммасына кирбей калган.

Бишкек ЖЭБиндеги авария 26-январда болуп, ал шаардыктардын батирлеринде температуранын кыйла эле төмөндөп кетишине алып келген. Авариядан кийин дароо эле ысык суу берүү үзгүлтүккө учурай баштаган.

Авария абанын температурасы Бишкекте Цельсий боюнча -10дон -25ке чейин болуп турган кездеги суукка туш келип калган. Бишкектиктердин үйлөрүн жылуулук менен камсыздоону 2-февралда калыбына келтирүү мүмкүн болгон.

Өкмөт аварияга күнөөлүүлөргө карата «катаал чараларды» көрүүнү убада кылган — мындай чаралардын бири ЖЭБдин директору Нурлан Өмүркул уулунун кызматтан кетирилиши болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: