Жалал-Абад: «Бычакталган» беш адамдын экөөсү реанимацияда

Жалал-Абад облусунун Базар Коргон районунда мас абалдагы киши алты адамга «кол салган». Жабырлануучулардын бири каза болуп, бешөө ооруканага жаткырылган — алардын арасындагы «бычакталган» алты жашар бала жана дагы бир жабырлануучу бейтапканын жандандыруу бөлүмүнө которулду.

Базар-Коргон районунун Кызыл-Ай айылында 21-февраль күнү спирт ичимдигин ичкен 34 жаштагы киши мурдагы аялынын үйүнө кирип барып, алты адамды «бычактаган». Бирөө оор жана бешөө жеңил жараат менен райондук ооруканага жеткирилген. Жабырлануучулардын бири ооруканада каза тапкан.

Жабыркагандардын арасында «кол салган» кишинин мурдагы жубайы жана алты жашар баласы бар.

Саламаттык сактоо министрлигинин (ССМ) басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова «Клоопко» маалымдагандай, Базар-Коргон райондук ооруканасына 21-февралда «бычакталып» келип түшкөн беш кишинин экөө бейтапкананын жандандыруу бөлүмүнө которулду.

«Базар-Коргон аймактык ооруканасына жалпы алты адам түшкөн. Алардын бирөөсү ошол эле күнү каза болгон. Калган бешөөнүн үчөө хирургия бөлүмүндө даарыланууда. Алты жашар бала жандандыруу бөлүмүндө, анын ички органдары жабыркаган эмес. Дагы бир бейтапка операция жасалып, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө которулду», — деди Айгерчинова.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы жакындарын «бычактаган» кишини 22-февралда качып жүргөн жеринен Сейдикум айыл аймагынан колго түшүргөн.

Милициядан кабарлашкандай, кармалган жаран буга чейин бир нече жолу «уурулук жасагандыгы үчүн» шарттуу соттолгон.

Базар-Коргон РИИБи айыпталуучуга карата «өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоп, эки айга райондун убактылуу тергөө изоляторуна камакка алган.


ТЕМА БОЮНЧА: