Өлүмгө алып келген жол кырсыктары үчүн маршруттук таксилер менен автобустардын айдоочулары жумуштарынан бошотулат

Бийлик эгерде өлүмгө алып келген жол кырсыгында айдоочунун күнөөсүү далилденсе, жүргүнчү ташыган фирма жана айдоочу менен келишимдерди үзөт. Мындан тышкары, коомдук тарнспорттун айдоочусу катышкан жол кырсыгында үчтөн ашык адам жабыркаса, ал менен да келишим жокко чыгарылышы мүмкүн.

Жол транспорт министрлигине караштуу автомобилдик транспорт бөлүмүнүн начальниги Нурмат Мусабеков «Клооптун» кабарчысына жаңы эрежелер байма-бай жүргүнчү ташуу менен жумуш кылган бардык айдоочуларга тийиштүү экенин билдирди.

«Учурда жүргүнчү ташуу менен иштеп жаткан бардык маршруттук таксидердин айдоочулары менен келишимдер бар. Келишимдер буйрутма боюнча жүргүнчү ташып жаткан жеке жактар менен жок. Мисалы, айдоочу 15 адамды Ысык-Көлгө алып барып, кайра алып келди. Бирок Бишкек-Каракол каттамы аркылуу дайыма иштеген айдоочу менен келишим бар», — деди Мусабеков.

Ошондой эле, ал өлүмгө алып келген жол кырсыктарында келишим бир гана айдоочу менен эле эмес, кызмат көрсөткөн фирма менен да бузулаарын белгиледи.

Өкмөттөн жаңы эрежелер 7-мартта күчүнө кирээрин кабарлашты.

Ошондой эле, Мусабеков Транспорт министрлиги өкмөткө «Жол кырсыгына күнөөлүү айдоочу менен кайрадан келишим түзүүгө тыюу салуу» жөнүндө дагы бир жобо кароого жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

Жолдордогу коопсуздук

Президент Сооронбай Жээнбеков 25-январда айдоочулардын күнөөсүнүн айынан адам өлгөн жол кырсыктары үчүн жазаны күчөтүү боюнча мыйзамга кол койгон. Эми адамдын өлүмүнө күнөөлүү айдоочу беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылмакчы. Жазаны «жоопкерчиликти жогорулатуу жолу менен жол кырсыктарынын санын азайтуу» максатында күчөтүшкөн.

Бир нече жолу чуу жараткан жол кырсыктарынан кийин жолдордогу коопсуздук боюнча маселелер бир топ ирет жогорку деңгээлде көтөрүлгөн.

Эң эле чуу жараткан жол кырсыктарынын бири болуп, 7-октябрда Талас облусуна кетип бара жаткан вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун өлүмү болгон. Жумакадыровдун машинасы менен КаМАЗдын сүзүшүүсүнөн улам вице-премьер-министр өзү, анын айдоочусу жана жардамчысы каза табышкан.

Өкмөт жолдордо эреже бузууларды каттаган камераларды орнотууга кытайдын «Хуавэй» компаниясы менен келишимге кол койгон. Бийлик мындай жол менен жолдордогу өлүмдөр менен жол кырсыктарынын санын азайтууну максат кылышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: