«Бишкек башкы архитектура» үй курууга документтерди мыйзамсыз бергени үчүн кылмыш иши козголду

Иллюстративдик сүрөт

Бишкектин прокуратурасы Абдымомунов көчөсүндөгү көп кабатту үйдүн курулушунда аныкталган эреже бузуулардын айынан кылмыш ишин козгоду. Тергөөнүн версиясы боюнча, «Бишкек башкы архитектура» мекемесинин кызматкерлери курулуш фирмасына курулуш жүргүзүү үчүн мыйзамсыз уруксат беришкен.

Тергөөчүлөр Бишкектеги Абдымомунов көчөсүндөгү имараттын курулушу өрткө каршы коопсуздук талаптарына жооп бербестигин аныкташкан. Курулуш фирмасы кокустан тилсиз жоо чыгып калса өрт өчүргүч техникасы өтүшү үчүн имараттардын ортосундагы аралыкты эске алган эмес.

Ошого карабастан Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) караштуу өрткө каршы кызмат агенттигинин жумушчулары курулуш фирмасына салынып жаткан имарат бардык талаптарга жооп берет деген корутунду беришкен.

Бишкектин прокуратурасынын басма сөз кызматынан «Клооптун» кабарчысына маалымдашкандай, Мамэкотехинспекция 2017-жылы фирмага курулуш жүргүзүүгө уруксат документтери жок үчүн штраф салган.

«Курулуш фирмасы 2017-жылдын сентябрында штрафты төлөп, курулуш жүргүзүүдө өрт ажырымы сакталбаганына карабастан "Бишкек башкы архитектурадан" уруксат документтерин алган», — деп маалымдашты басма сөз кызматтан.

Тергөө мекеменин кызматкерлеринин аракеттери мамлекетке зыян келтирген деген бүтүм чыгарып, аларга каршы «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.


ТЕМА БОЮНЧА: