Депутат жогорку кызматтагы аткаминерлердин жарандыгын текшерүүнү сунуштады

Парламенттин депутаты Кенжебек Бокоев

Эл өкүлү Кенжебек Бокоев жогорку кызматтагы бардык аткаминерлерди кош жарандыгы бар же жогуна текшерүүнү сунуштады. Депутат мындай демилгени анын Казакстанда кармалган парламенттеги кесиптеши Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандыгы аныкталган кийин көтөрдү.

Бокоев 28-февралда парламенттин жыйынында жогорку кызматтагы бардык аткаминерлердин жарандыгын текшерүүнү сунуштады, анткени Кыргызстандын мыйзамы боюнча мамлекеттик кызматка киришип жатканда алардын кош жарандыгы болбошу керек.

«Дегеле саясий кызматтарды ээлегендердин жарандыктары менен эмне кылышы керек? Коомчулукта ар кандай кептер чыгууда. Кокусунан президенттикке башка мамлекеттин жарандыгы бар адам келген кырдаал түзүлүп калса кантебиз?», — деп келтирди Бокоевдин сөздөрүн «24.kg» басылмасы.

Ошондой эле, ал парламенттин жыйынына ТИМдин, УКМКнын жана БШКнын өкүлдөрүн депутат Дамирбек Асылбек уулунун Казакстанда кармалышы боюнча кененирээк маалымат берүүлөрү үчүн чакырууну сунуштады.

Парламенттин спикери Дастан Жумабеков кесиптешинин сунушун колдоп, маселе кароого жөнөтүлөөрүн билдирди.

Депутаттын кармалышы

Дамирбек Асылбек уулун 16-февралга караган түнү аткезчиликке айыптоо боюнча кармашкан, ал менен кошо дагы эки кыргызстандык адам кармалган.

Казакстандын бийлиги 22-февралда кыргыз кесиптештерин кармалган депутаттын казак жарандыгы бар экени боюнча кабардар кылышкан. Казак ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматы боюнча, Асылбек уулу Жамбыл облусунун Кордай районунда туулган жана анда туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн негизинде берилген казак паспорту бар.

Бирок депутаттын атасы Асылбек Супатаев билдиргендей, анын баласы кыргыз жана Каракол шаарында туулган.

Башында Кыргызстандын парламенти депутаттын кармалышы боюнча ишке кийлигишпесин билдирген, бирок 21-февралда спикер Дастан Жумабеков Казакстандын бийлигине кармалган кесиптеши менен жолугушуу уюштуруп берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Учурда Асылбек уулу эки айга тергөө изоляторуна камакка алынган.


ТЕМА БОЮНЧА: