Кыргызстандын ТИМи: Самудинов АКШдан төрт айдан бери саясий башпаанек күтүп жатат

КСДПнын мурдагы мүчөсү Ренат Самудинов

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, активист жана КСДП партиясынын жаштар канатынын мурдагы лидери Ренат Самудинов жана анын аялы Элнура Молокадырова экөө Калифорния штатынын Аделанто шаарынын атайын кармоочу жайында төрт айдан бери саясий башпаанек берүү боюнча чечимди күтүп жатышат.

Кыргызстандын ТИМнен «Клооптун»журналистине кабарлашкандай, Самудинов менен Молдокадыровага саясий башпаанек берүү боюнча сурамды кароонун мөөнөтү белгисиз.

Самудинов менен анын аялын 2017-жылдын декабрынын башында Аделанто шаарындагы атайын кармоочу жайга которушкан.

Алар ноябрдын башында АКШ менен Мексиканын чек арасында кирүүгө документтери жок үчүн кармалышкандан кийин Америкадан саясий башпаанек сурашкан.

Ренат Самудинов бийликчил социал-демократтар (КСДП) партиясынын жаштар канатынын башчысы болчу. Ал өткөн жылдын жазында президенттикке бирдиктүү талапкерди чыгаруу үчүн праймериз (ички партиялык шайлоо — ред.) өткөрүүнү сунуштаган, бирок анын сунушу колдоо тапкан эмес.

Самудиновду алгач жаштар канатынын жетекчилик кызматынан алышып, андан соң КСДПдан чыгарышкан. Самудиновду чыгаруунун демилгечиси КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарияд Ниязов болгон.

КТРКда өзүнүн жеке программасын алып барган Элнура Молдокадырова анын жолдошунун КСДП менен болгон араздашуусу башталгандан кийин телеканалдан кеткен.


ТЕМА БОЮНЧА: