Ымыркайын өлтүрүүгө шектелген келин тергөө изоляторуна камакка алынды

Чүй облусунун «Восток» айлында үй шартында көз жарган келин соттун чечими боюнча бир айга Тергөө изоляторуна (ТИЗО) камалды. Буга чейин ал акыйкатчыга жардам сурап кайрылып, күнөөсү жоктугун айтып чыккан.

Чүй облустук ИИБнин басма сөз катчысы Назира Имангазиева «Клооптун» кабарчысына маалымдагандай, Аламүдүн облустук соту шектүү келинди изоляторго камоо боюнча чечимди 27-февралда чыгарган.

«Ал келин бир айга 1-ТИЗОго камалды. Ал даарыланып жаткан ооруканынын врачтары макулдук беришти. Учурда тергөө жүрүүдө», — деди Имангазиева.

Жаңы төрөлгөн ымыркайын өлтүрүүгө шектелген аял 18-февралда оор абалда Чүй облустук ооруканасына түшкөн. Ал жанында ымыркайы жок эле төрөт үйүнө кайрылган. Бул врачтарды чоочулантып, алар милицияга кайрылышкан.

Шектүү аял үй шартында көз жарганын ырастаган. Милиционерлер анын үйүнө барып, керебеттин алдынан чарчап калган ымыркайдын сөөгүн табышкан: ал баштыкка оролуп жаткан. Милиция «Жаңы төрөлгөн баланын энеси тарабынан өлтүрүлүшү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ал эми шектүү келин өз күнөөсүн танып, бала ара төрөлгөн деп ырастоодо.  Шектүү аял акыйкатчы институтунун өкүлдөрү менен жолугушууда алардан укуктук жардам сураган.


ТЕМА БОЮНЧА: