АКШда «курал аткезчилиги» үчүн кармалган Тенгиз Сыдыков тергөө бүткүчө бошотулду

Сот АКШда курал аткезчилигине шектелип кармалган Тенгиз Сыдыковду тергөө аягына чыкканга чейин бошотту. Ал эми бул иш боюнча шектелип жаткандардын экинчиси Элдар Резванов камакта калды.

Сыдыков бошотулганы жөнүндө «Азаттык» үналгысы Виржиния штатындагы Александрия шаарынын сот кеңсесине таянып билдирген.

Бул иш боюнча шектелип жаткандардын дагы бирөөсү Элдар Резванов 7-мартка чейин камакта калтырылды.

Американын ЖМКлары 28-феваралда Чеченстанга ташылган курал аткезчилигине шектелген эки адамдын кармалышы боюнча кабарлашты. Башында аларды жаңылып чечендиктер деп кабыл алышкан, бирок кийинчерээк кармалгандардын экөөсү тең Кыргызстандын жарандары экени белгилүү болгон. Алар 28 жаштагы Тенгиз Сыдыков жана 27 жаштагы Элдар Резванов.

АКШнын юстиция департаментинин сайтында жайгашкан документке ылайык, Сыдыков жана Резванов ажыратылган 100 даана куралдарды сатып алышып, аларды лицензиясыз Чеченстанга жөнөтүүгө аракет жасашкан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, алар аткез товарды жасалма документтер менен ашкана буюмдары катары көрсөтүп жөнөтүүгө аракет кылышкан.

Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси жана ResPublica гезитинин редактору Замира Сыдыкова бир нече басылмаларга алардын бирөөсү анын баласы Тенгиз экенин билдирген. Бирок Сыдыкова Тенгиздин курал аткезчилигине байланышын четке кагып, баласы АКШда IT-компаниялардын биринде иштеп жүргөн деп кабарлаган.

Анын айтымында, өз баласынын досу болуп жүргөн Элдар Резвановдун батиринде полиция тинтүү жүргүзгөн. Тенгиз мурда бул батирде Элдар менен чогуу жашаган, бирок бир жыл мурда ал жактан көчүп кеткен.

Сыдыкова кошумчалагандай, Элдар — Казакстандын жараны, бирок ал АКШда эмне иш кылып жүргөнү ага белгисиз.


ТЕМА БОЮНЧА: