БШК Аида Салянованы мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандаттан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) оппозициялык «Ата Мекен» партиясынын депутаты Аида Салянованын мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандаттан ажыратты. Ага Салянованы Максим Бакиевдин адвокатына лицензияны мыйзамсыз берүү боюнча күнөөлүү деп тапкан соттун чечими себеп болгон.

БШКнын мүчөлөрү Салянованы депутаттык ыйгарымдардын ажыратуу боюнча чечимди 3-мартта өткөн жыйында кабыл алышты.

Боршайкомдун мүчөсү Гүлнара Журабаева өзгөчө пикирин билдирип чыкты. Анын айтымында, БШК Салянованы парламентарийдин ыйгарымдарынан ажыратуу менен мыйзам бузду.

Салянова депутаттардын алдында коштошуу сөзү менен 21-февралда эле чыккан.

«Менин кабыл алына элек мыйзам долбоорлорум калды, силерден келечекте аны колдоого суранам. Мен болгону эки жыл эле депутат болдум, бирок, бул мен үчүн абдан чоң тажрыйба, мен ар бириңерге ыраазымын», — деген ал.

Бишкек шаардык соту 7-февралда Саляновага карата мурдагы инстанциянын чечимин күчүндө калтырган — анын жаза өтөө мөөнөтүн кызы 14 жашка чыкмайынча, 2029-жылга чейин жылдырып, мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерип, беш жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарышкан.

Салянова бул чечимди Жогорку сотто даттанууну улантаарын, ал эми анын юристтери бир нече жолу соттогу эреже бузуулар жөнүндө билдиришкен.

Аида Салянованын иши

Башкы прокуратура Аида Саляновага каршы кылмыш ишин 2016-жылдын декабрында «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча козгогон.

Мамлекеттик айыптоонун версиясы боюнча, Салянова юстиция министри болуп турганда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевдин адвокаты Алексей Елисеевдин лицензиясын «мыйзамсыз» узартып берген.

Депутат бул айыптоолор саясий мүнөзгө ээ деп эсептейт — 2016-жылы Салянова Атамбаев сунуштаган Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүгө каршы чыккан.

Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы депутатты «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. Сот Саляновага мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бирок, ага баласы 14 жашка чыккандан кийин жаза мөөнөтүн өтөп баштоого уруксат берилген.


ТЕМА БОЮНЧА: