Каракол: Сот «баңгизаттарды сактоо» үчүн кармалган палестиналыкты 25 миң сомго айыпка жыкты

Каракол шаардык соту мурдараак «баңгизаттарды сактоо» үчүн кармалган палестиналык жарандын иши боюнча чечим чыгарып, аны 25 миң сомго айыпка жыкты. Судья ал буга чейин сот жопкерчилигине тартылбаганын эске алып, мындай чечим чыгарган.

Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов «Клооптун» кабарчысына Караколдун шаардык соту палестиналык жарандын иши боюнча чечимди 5-мартта чыгарганын билдирди.

«Ага 25 миң сом шраф салынды. Ал буга чейин соттолбогон жана жоопкерчиликке тартылган эмес», — деди Усубакунов.

«Вентус» укук коргоо уюмунун башчысы Камиль Рузиев «Клооптун» журналистине курган маегинде билдиргендей, мамлекеттик айыптоо кармалган чет элдик үчүн абак жазасын эмес, болгону штраф салууну суранган, анткени мурдараак палестиналык кыйноолорго арызданган.

«Мамлекеттик айыптоо 50 миң сом штраф салууну суранган, бирок айыпталуучунун адвокаттары штрафтын өлчөмүн 20 миң сомго чейин азайтууну өтүнүшкөн, анткени ал студент болуп эсептелет. Натыйжада судья ага 25 миң сом айыппул төлөө чечимин чыгарды», — деди Рузиев.

Рузиевдин айтымында, чет элдик дагы деле Караколдун 3-Тергөө изоляторунда (ТИЗО) камакта, себеп дегенде соттун чечими он күндөн кийин гана күчүнө кирет.

Буга чейин кыйноолорду алдын алуу боюнча борбор палестиналыкты сот чечимин күтүп отурган кезде абакта чогуу отургандар сабап салышканын билдирген. Рузиевдин айтымында, кыйноолордун белгилерин Караколдун Үй-бүлөөлүк медицина борборунун врачтары да тастыкташкан.

2017-жылдын сентябрында Караколдун милициясы палестиналык менен кошо үч адамды кармаган. Аларда тинтүү учурунда ыктымал төрт грамм гашиш табылганы айтылган. Милиционерлер ишти «чечүү» үчүн «алардан беш миң доллар опузалашкан».

Укук коргоочулардын айтымында, милиционерлер үч миң доллар алган соң аларды кое беришкен. Бирок палестиналык орус тилин начар билгендигинин айынан кылмыш козголгону жөнүндө эч нерсе билбеген жана сотко чакыртууларды алган эмес. Аны 25-февралда Бишкектен кармашып, тергөө үчүн Караколго алып кетишкен.


ТЕМА БОЮНЧА: