КСДПнын курултайы 31-мартта өтөт

Социал-демократтардын жалпы республикалык курултайы өтө турган жер азырынча белгилене элек. Күн тартибинде негизги маселе партиянын төрагасын шайлоо болот.

КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева «Клооптун» кабарчысына курултайдын өтө турган күнү 31-мартка бекитилгенин кабарлады.

«Курултай өтчү жер азырынча белгисиз. Уюштуруу маселелери азыр чечилип жатат», — деди ал.

Анын айтымында, күн тартибинде негизги маселе партиянын төрагасын бекитүү болот.

Өткөн жылдын декабрь айында президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов Атамбаев — партиянын төрагалык кызматына жалгыз талапкер экенин билдирген.

Атамбаев 2017-жылдын 20-ноябрында өзүнүн жыйынтыктоочу басма сөз жыйынында кийинки парламенттик шайлоого депутаттарды даярдай турганын жана алар менен кошо тизмеде биринчи болуп барышы мүмкүн экенин билдирген.

Партиянын курултайы белгисиз себептерден улам бир нече жолу жылдырылган. Башында иш-чара январдын аягына андан кийин февралдын аягына белгиленген.


ТЕМА БОЮНЧА: