Өкмөттүк аппараттын экс-башчысы ЖЭБди оңдоо боюнча «жалган» тендер үчүн УКМКда сурак берди

Нурханбек Момуналиев. Сүрөт: Табылды Кадырбеков/«Спутник»

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери өкмөттүк администрациянын мурдагы башчысы Нурханбек Момуналиевди суракка алышты. Ал Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) буу казандарын оңдоо боюнча «Электр станциялар» ишканасынын «жалган» тендер өткөрүүсү боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында күбө катары чакырылган.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов «Клоопко» курган магинде Момуналиев 22-мартта суракка алынганын айтты. Ал Момуналиев бул иш боюнча күбө катары өтүп жатканын кошумчалады.

«Момуналиевдин жакын бир тууганы “Aimar Energy” компаниясынын түзүүчүсү болуп эсептелет. Бул компания менен Бишкек ЖЭБдин буу казандарында оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча жалданма келишими түзүлгөн», — деди Сулайманов.

Момуналиев 12-мартта өкмөттүк аппараттын жетекчилик кызматынан кеткен. Ал кызматтан кетип жатканын «эл аралык деңгээлдеги документтерди даярдоодогу олуттуу кемчиликтер» менен түшүндүргөн.

УКМКнын кызматкерлери 3-мартта «Электр станциялар» ишканасынын башкы директорунун мурдагы орун басары Бердибек Боркоевди кармашкан. Ал өзгөчө ири өлчөмдө акча каражаттарын мыйзамсыз чыгарууга жана уурдоого шектелүүдө.

Тергөөнүн версиясы боюнча, буу казандарды оңдоо үчүн жалданмачылар менен түзүлгөн келишимдер жалган болгон, ал эми оңдоо иштери жылуулук борборунун кызматкерлеринин өз күчү менен жүргүзүлгөн.

Кылмыш иши «Өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлктү ыйгарып алуу», «Тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу», «Ыйгарым укуктарды кыянат пайдалануу» жана «Документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча козголгон.

Мындан тышкары, Боркоев УКМКнын убактылуу тергөө изоляторуна камакка алынган.


ТЕМА БОЮНЧА: