Чүйдөгү жана Жалал-Абаддагы жергиликтүү кеңештерде мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт

Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште. Сүрөт: Сабыр Айылчиев/Өкмөттүн басма сөз кызматы

Президент Сооронбай Жээнбеков Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы эки жергиликтүү кеңешти таркатуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Депутаттарды таркатууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлай албай коюшканы себеп болгон. Жээнбеков жогоруда аталган жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү 2018-жылдын 13-майына дайындады.

Жээнбеков эки облустун жергиликтүү кеңештерин таркатуу жөнүндө 30-мартта жарыялады.

Президенттин жарлыгы менен Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңеши жана Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңеши таркатылды.

«Жогоруда аталган жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2018-жылдын 13-майына, жекшембиге дайындалсын» деп айтылат маалыматта.

Жээнбеков январь айында жергиликтүү кеңештердин жеринде маселелерди чечүү — мэрлерди жана айыл өкмөттөрүн шайлоо (айылдык администрациянын) жөндөмү жоктугунун айынан түз мамлекеттик башкаруу киргизүү муктаждыгы пайда болуп жатканын билдирген.

«Ачыгын айтканда, жергиликтүү аткаруу бийлигинин жетекчилерин шайлоо оюнга айланып жатат. Бул оюндардан улам мамлекет зыянга учурап жатат», — деп билдирген Жээнбеков.

Анын айтымында, жаңы шайлоолорду өткөрүүгө бюджеттен кошумча каражаттар, ошондой эле, убкыт менен ресурстар коротулууда. Өлкө башчысынын пикири боюнча, түз мамлекеттик башкаруу жаңы жергиликтүү кеңеш шайланмайынча киргизилиши мүмкүн.

Боршайкомдун маалыматына ылайык, 2016-жылдын 11-декабрында жергиликтүү кеңештерге шайлоодон кийин депутаттар Баткен облусунда Кадамжай жана Айдаркенде, Чүй облусунда Кеминде, Кара-Балтада жана Кантта, Жалал-Абад облусунда Таш-Көмүрдө жана Жалал-Абадда жана Ысык-Көл облусунда Чолпон-Атада мэрлерди шайлай албай коюшкан.


ТЕМА БОЮНЧА: