Жээнбеков парламенттен Жолдубаеваны башкы прокурорлук кызматтан бошотууну суранды

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин профилдик комитетине Индира Жолдубаеваны башкы прокурорлук кызматтан бошотуу жөнүндө сунуш киргизди. Буга чейин «Ата Мекен» жана «Республика — Ата-Журт» фракцияларынын депутаттары башкы прокурордун ишин «канааттандыраарлык эмес» деп атаган.

Маалымат саат 13:27де жаңыртылды

Парламенттин басма сөз кызматынан «Клооптун» кабарчысына маалымдашкандай, профилдик комитет президенттин Жолдубаеваны бошотуу боюнча сунушун жактырган.

«Бошотуу боюнча маселени эртең парламенттин талкуусуна чыгаруу күтүлүүдө», — деп кабарлашты басма сөз кызматтан.

Мурдараак «АКИпресс» басылмасы кабарлагандай, Жээнбеков парламентке Жолдубаеваны башкы прокурорлук кызматтан бошотуу маселесин карап көрүүнү сунуштаган. Президенттин басма сөз кызматы «Клоопко» бул маалыматты тастыктады.

Кыргызстандын конституциясына ылайык, президент түдөн-түз башкы прокурорду бошото албайт — бул парламенттин депутаттарынын көпчүлүгүнүн колдоосу менен гана мүмкүн.

Парламенттин «Ата Мекен» жана «Республика — Ата-Журт» фракциялары 6-апрелде Башкы прокуратуранын отчетун «канааттандыраарлык эмес» деп тааныган. Депутаттар жолугушууга Жолдубаева өзү келбегенине нааразы болушкан.

«Ата Мекен» фракциясынын депутаттары башкы көзөмөл органынын коррупциялык иштерин иликтөөсүн текшерген депутаттык комиссия түзүүнү талап кылышкан.

Жолдубаеванын отставкасы боюнча маселе экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кадрларын негизги кызматтардан бошотуунун шартында көтөрүлүүдө, мисалы, Жээнбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Абдил Сегизбаевди ээлеген кызматынан алган.


ТЕМА БОЮНЧА: