КСДП Сүйүмбаевдин финполго дайындалышынын айынан Исаковго каршы добуш берген

Болот Сүйүнбаев

КСДПнын депутаттары эмне үчүн Сапар Исаковдун өкмөтүнө каршы добуш беришкенин түшүндүрүштү: ал Болот Сүйүмбаевди финполдун жетекчилик кызматынан дайындаган, бирок буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков аны УКМКнын төрага орун басарлыгынан бошоткон.

Социал-демократтардын бир нечеси Исаковдун финансы полициясынын башчылыгына буга чейин президент Жээнбеков УКМКдан бошоткон Болот Сүйүнбаевди дайындаганына нааразы болгонун түшүндүрүп беришти.

«Бири кызматтан бошотсо, экинчиси өчөшкөнсүп кызматка коюп турса - бул, ачык айтканда, чакырык. Анда эртең эмне болот? Мен тирешүү саясатына каршымын. Ошондуктан колдодум», — деп келтирди КСДП фракциясынын башчысы Өмүркуловдун айткандарын «Азаттык» үналгысы.

Ушул эле себептер боюнча Исаковдун оставкасы үчүн дагы бир социал-демократ Рыскелди Момбеков да добуш берген.

«Эгерде депутаттар 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Сапар Исаковдун министрлер кабинетинин отставкасы үчүн добуш беришсе, анда мен каршы болмокмун», — деди ал.

Депутат Аида КасымалиеваКСДПдагы кесиптештеринин чечими өкмөттүн буга чейин уктурган отчетуна байланыштуу эмес экенин «Твиттерде» жазган.

«Биз отчетту колдодук, палатада да колдомокпуз. Бүгүнкү ишеним көрсөтпөө вотуму башка себептерге байланыштуу. Иса Шейшенкулович [Өмүркулов] жакшы түшүндүрөт», — деп жазган ал.

Бул эмне үчүн маанилүү? Болот Сүйүмбаев — экс-президент Атамбаевдин ишенимдүү адамы. Президент Сооронбай Жээнбеков аны 7-апрелде ээлеген кызматынан бошотконго чейин ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрага орун басары болчу. Бул бошотуудан кийин тогуз күндөн соң Сапар Исаков Сүйүмбаевди финансы полициясынын башчылык кызматына дайындаган.

Бул чечим жада калса учурда Алмазбек Атамбаев жетектей баштаган парламенттин КСДП фракциясына да жакпай калган. Балким бул партиянын ичиндеги ажырым же тирешүүлөр жөнүндө айтып жатышы мүмкүн.

Парламентарийлер Исаковдун өкмөтүнө 19-апрель күнү ишеним көрсөтпөө вотумун билдиришкен, ал эми бир нече сааттан кийин өкмөттүн оставкага кетиши жөнүндө жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Исаковдун отставкасы үчүн КСДП фракциясынын мүчөлөрүн кошуп, 101 депутат добуш берген.

Авторлошу: Айдай Эркебаева


ТЕМА БОЮНЧА: