«Республика — Ата-Журт» парламенттик коалицияга кирди

Парламенттин көпчүлүк коалициясы өз курамына Республика — Ата-Журт» фракциясын кабыл алды — эми бул альянста 65 депутаттын ордуна 93 депутат болот.

КСДПнын депутаты Рыскелди Момбеков чечим дээрлик бир добуштан кабыл алынганын айтты. Анын айтымында, парламенттин спикерлигинде Дастан Жумабеков кала берет.

«Республика — Ата-Журт» кошулгандан кийин көпчүлүк коалициясынын саны 93 депутатты түзүп калды. Жалпысынан Жогорку Кеңеште 120 эл өкүлү бар.

Көпчүлүк коалициясы — бул парламентте мыйзамдарды тезирээк талкуулап жана кабыл алууга керектүү фракциялардын биримдиги. Көпчүлүк мыйзам долбоорлорун кабыл алуу үчүн көпчүлүктүн (бери эле дегенде 61) добуш керектелет.

Коалиция премьер-министрлик кызматка талапкерлерди көрсөтүп, өкмөттүн курамы менен түзүлүшүн аныктайт.

Коалициянын курамы Сапар Исаковдун өкмөтүнүн оставкага кетишинин шартында болду. Депутаттардын 101и учурдагы өкмөткө ишеним көрсөтпөө вотумун билдирип, ал эми президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин чечимин колдоп берди.

«Республика — Ата-Журт» фракциясы да фракциянын башка мүчөлөрү сыяктуу эле Исаковдун өкмөтүнө каршы добуш берген.


ТЕМА БОЮНЧА: