Финпол Алкановага каршы кылмыш ишин токтотту

Көз карандысыз журналист Элнура Алканова иликтөөдө. Сүрөт: Kloop.kg

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) «маалыматтарды мыйзамсыз алууга» жана «банктык жашыруун сырды таратууга» айыпталган журналист Элнура Алкановага каршы кылмыш ишин токтотту.

Алканованын адвокаты Жыргал Бабаев «Клооптун» кабарчысына кылмыш иши токтолганы боюнча билдирүү аларга «жакында эле» түшкөнүн айтты.

«Медиа Полиси Институту» укук коргоо уюму билдиргендей, Алкановага каршы кылмыш иши токттулган, анткени «аталгандай кылмыш иши болгон эмес».


«Ал журнилисттик ишмердүүлүгүндө мыйзамсыз жол менен банктык же коммерциялык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды чогулткан эмес, анткени "мыйзамсыздык" деген маалымат чогултууда дал ошо мыйзамсыз аракеттерди божомолдойт», — деп жазган «Медиа Полиси Институту».

Юристтер кошумчалашкандай, Алканова «Банктык же коммерциялык жашыруун сырды таратуу» беренеси боюнча жоопкерчиликке тартылбашы керек, анткени журналист бул кылмыш ишинде тарап болуп бериши мүмкүн эмес.

«Качандыр бир кимдир бирөө журналистке маалыматтарды берип атканда, журналист маалымат коммерциялык же банктык жашыруун сыр болуп эсептелээрин билүүгө милдеттүү эмес [...] Аталган субъекттин курамына бул маалыматты алууга мыйзамдуу укугу бар адамдар кириши мүмкүн», — деп жазган «Медиа Полиси Институту».

Алканованын иликтөөсү

2017-жылдын декабрында финпол журналистке карата кылмыш ишин козгогон. Тергөөчүлөр аны «БТА банктын» банктык жашыруун сырын таратууга шектешкен.

Алканова 2017-жылы күз айларында «Идеал Хаус» хан сарайлар шаарчасынын сатылышы жөнүндө иликтөө чыгарган. Ал өз материалында хан сарайлар шаарчасынын сатылышына мурдагы премьер-министр Сапар Исаков байланыштуу болушу мүмкүндүгүн көрсөткөн.

Журналист өз иликтөөсүндө «БТА Банктын» башкарма төрагасы Темир Рыскуловду хан сарайлар шаарчасынын ыктымал сатып алуучусу жана аны бала кезинде чогуу окуган премьер-министр Сапар Исаковдун досу деп атаган.

Анын маалыматтары боюнча, мурдагы өкмөт башчысынын бир тууганы Капар Исаков сатык иштери жүргүзүлүп жатканда банктын жетекчилик кызматына дайындалган.

Ал эми өз кезегинде өкмөт журналисттин жүйөөлөрүн четке кагып, материал жарыяланган «Фергана» басылмасы менен Алкановадан эл алдында кечирим суроону талап кылган.

Бирок башкы прокуратура абалды түшүүнүү үчүн «Мамлекеттик көзөмөлдөө органынын кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз текшерүү жүргүзүү» жана «Менчиктештирүүнү жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

2018-жылы апрель айынын башында ИИМдин тергөө кызматы Маммүлктү башкаруу боюнча фондунун мурдагы башчысы Болсунбек Казаковду «Идеал Хаус» хан сарайлар шаарчасын арзандалыган баада сатуу боюнча шек менен кармаган.

ИИМдин басма сөз кызматы журналисттик иликтөөгө таянуу менен коттеждер баштапкы аныкталган 242 млн сомдун ордуна 142 млн сомго сатылган деп билдирген. Ал эми Казаков өзү журналисттик иликтөөдөн кийин коттеждердин баасы сатып алуучулар жоктугунан улам арзандатылганын айтып чыккан.


ТЕМА БОЮНЧА: