Айрым кыргыз ЖМКлары менен коомдук тармактарда Бишкек мэри Албек Ибраимовдун дарегине айтылып жаткан сын пикирлердин шартында анын оставкага кетиши ыктымалдыгы талкууланып атат. Ибраимов өзү анын оставкага кетиши ыктымалдыгы жөнүндө маалымат — бул ушак деп айтууда. Мэрди кантип бошотуу мүмкүн экенин түшүндүрөбүз.
Контекстти түшүндүрөбүз:
• Бишкек мэри Албек Ибраимовду бардыгынан да шаарда жолдорду кеңейтүү үчүн бактардын массалык түрдө кыйылып жатканы үчүн жана көчөттөрдүн бир даанасы 9000 сомдон сатылып алынганы үчүн сынга алышууда.
• Бишкек шаардык кеңешиндеги «Республика — Ата-Журт» (РАЖ) фракциясы мэрдин 2017-жылга карата отчетун «канааттандыраарлык эмес» деп тапкан. Кезектеги шаардык кеңештин жыйыны майдын ортосунда өтөт. Анда мэрдин тагдыры чечилип калышы ыктымал.
• Ибраимов өзү отставкага кетиши ыктымалдыгы жөнүндө маалыматты «ушак», ал эми анын жумушуна баа берген РАЖдын баасын «мыйзамсыз» деп атады, анткени отчетту бирото кабыл алуу жөнүндө чечимди шаардык кеңештин толук курамы кабыл алышы керек.
• Ибраимов — иш жүзүндө өз кызматын сактап турган Атамбаевдин жогорку кызматта отурган акыркы тарапкери.
Мэрди кантип кызматынан бошотсо болот?
Мэрди кызматтан төмөндөгү учурлардын биринде гана премьер-министр бошото алат:
1) жеке арызынын негизинде;
2) мыйзамдар бузулган учурда, бирок шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен;
3) соттун күчүнө кирген айыптоочу өкүмүнүн негизинде;
4) сот тарабынан жоопкерчиликке жарамсыз деп таанылган учурда;
5) ал каза болсо, дайынсыз жоголгон болсо, ошондой эле өлгөн деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда;
6) Кыргызстандын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;
7) кыргыз жарандыгынан чыккан, Кыргызстандын жарандыгын жоготкон же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;
8) жылыш болбогон эмгекке жарамсыздыгынын кесепетинен өзүнүн кызмат милдеттерин аткарууга мүмкүндүгү жок болгон учурда;
9) шаардык кеңештин жаңы чакырымы шайланса, анда мэр автоматтык түрдө отставкага кетет;
10) шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен мэрге ишенбестик билдирилсе, анда премьер-министр аны кызматтан алуу керек же керек эместигин чечиши керек. Эгерде өкмөт башчы шаардык кеңештин депуттарынын пикирине макул болбой, мэрди бошотпосо, анда алар кайра үч айдын ичинде ишеним көрсөтпөө вотумун билдирүүгө укуктары бар. Бул учурда премьер-министр мэрди бошотууга милдеттүү.
Мэрлердин көпчүлүгү кызматтан алынды беле?
Жок. Кыргызстандык эгемендик тарыхында 2010-жылы апрелде Курманбек Бакиевдин бийлиги кулатылгандан кийин кызматынан бир гана Нариман Түлеев бошотулган. Калган мэрлер өздөрү отставкага кетишкен же алар башкы кызматка өтүп жаткандыгына байланыштуу бошотулган.
Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгондон бери Бишкекке 14 адам мэр болгон. Биринчилерден болуп шаардын администрациясын 1998-1999-жылдары жетектеген Феликс Кулов отставкага кеткен.
Курманбек Бакиев башында турган бийлик кулатылгандан кийин Убактылуу өкмөт Бишкек мэри Нариман Түлеевди бошоткон. Ага карата коррупция жана апрель революциясы учурунда Бишкекте болгон башаламандыктарга тиешеси бар делип кылмыш иши козголгон. Прокуратуранын маалыматына ылайык, ал мэр болуп иштеп жүргөн учурда Кытайдан билип туруп кымбат баада автобустарды сатып алып, мамлекетке 1 млн доллар зыян келтирген.
Бирок айып тагылганына карабастан, ошол эле жылы ал «Ата Журт» партиясынан парламентке депутат болуп келген.
Сот 2013-жылы Түлеевди мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен 11 жылга эркинен ажыраткан. Бирок анын жаза өтөө мөөнөтү мунапыс боюнча кыскартылып, мындандан тышкары, ал мамлекетке 60 млн сом өлчөмүндө штраф төлөп берген. Түлеев 2016-жылы май айында эркиндикке чыккан.
Андан кийин 2013-жылы декабрда Жеңиш паркындагы 16 гектар жерди коммерциялык компанияларга өткөрүп берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин шартында отставкага кеткен Иса Өмүркулов мэр болуп калган. Сот 2014-жылдын ортосунда Өмүркуловду актап, бир нече жылдан кийин ал бийликчил КСДП партиясынан парламенттин депутаты болуп калган.
Өмүркуловдон кийин 2014-жылы келген Кубанычбек Кулматов эки жылдан кийин отставкага кетип, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башкарма төрагасы болуп дайындалган. Андан кийин Бишкекти учурдагы мэр Албек Ибраимов жетектей баштаган.