Жогорку Сот Саляновага карата өкүмдү күчүндө калтырды

Аида Салянова. Сүрөт: Самат Жумакадыров/«Азаттык»

Кыргызстандын Жогорку соту экс-башкы прокурор Аида Саляновага карата буга чейинки инстанциялардагы сот өкүмүн күчүндө калтырды. Салянова адвокат Алексей Елиесеевдин лицензиясын мыйзамсыз узартып берүү боюнча айыпталып, ага жаза өтөө мөөнөтүн жылдыруу менен беш жылга кесүү өкүмү чыгарылган.

Салянованын жактоочусу аны бардык пункттар боюнча актоону суранды. Анын айтымында, буга чейинки инстанциядагы соттор эреже бузууга жол беришкен, ал эми иш саясий мүнөздүү болгон. Прокурорлор өкүмдү күчүндө калтырууну суранышты. Бирок судья буга чейинки инстанциялардын чечимин күчүндө калтырды.

Салянова соттун мурдагы сот отурумунда өзүнө карата кылмыш ишти «Атамбаевдин саясий буйругу» деп атаган.

«Бул Атамбаевдин буйругу экени баарыңыздарга маалым . Бир адамдын көрө албастыгы, эки жүздүүлүгү бир жарым жылдык алтындай убакытты алды. Бир жылдын ичинде он мыйзам жазыптырмын. Дагы канчасы жазылат эле...», — деп жазган ал.

Андан сырткары, Салянова Елисеев менен эч качан тааныш болбогонун билдирген. Анын айтымында, юстиция министрлигинин бардык кызматкерлери Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышынын мыйзамдуулугун тастыктап беришкен, анткени алардын ичинен эч кимиси укук коргоо органдарынын адвокатка карата козголгон кылмыш иши жөнүндөгү катты көргөн эмес.

Салянова жада калса кылмыш иши козголгон учурда деле лицензия узартылышы мүмкүн деп эсептейт, анткени Елисеев соттоло элек болгон.

Райондук жана шаардык соттор Салянованы ал юстиция министрли болуп турган кезде 2010-жылы кулатылган президент Курманбек БАкиевдин баласы Максим Бакиевдин үзөңгүлөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деген жүйөө менен күнөөлүү деп тапкан.

Анын жаза өтөө мөөнөтү 2029-жылга жылдырылып, беш жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыккан, анткени анын кичинекей баласы бар.

Башкы прокуратура Саляновага каршы 2016-жылы кылмыш ишин козгогон. Ал бул ишти «саясий» жана «жасалма» деп атап, аны ал 2015-жылдын башынан бери ачык түрдө сынга ала баштаган экс-президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине айтылган сын-пикирлер менен байланыштырган.  

Ал 2015-жылы башкы прокурорлук кыхматтан кеткенден кийин Алмазбек Атамбаевге каршы чыга баштаган. Салянова Бишкек ЖЭБине көмүрлөрдү мыйзамсыз жөнөтүүгө айыпталган жолдошу Бакыт Абдыкапаровго каршы кылмыш ишинин айынан бийликти басым үчүн айыптаган.

Ал эми 2016-жылы Салянова оппозициячыл «Ата Мекен» партиясынын депутаты болуп туруп Атамбаевдин конституциялык реформаларына каршы чыгып, өлкөнүн негизги оппозициячыл саясатчыларынын бири болуп калган. Ошол эле жылы анын жолдошу жети жылга шарттуу кесилген.


ТЕМА БОЮНЧА: