Студенттер 6-июнда Бишкекте ала качууга жана эрте турмушка чыгууга каршы флешмобдо бийлеп атышат. Сүрөт: Kloop.kg

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жогорку окуу жайлардын студенттери ала качууга жана эрте термушка чыгууга каршы флешмоб өткөрүштү. Уюштуруучулардын бири Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, флешмобго 1000ден ашуун студент катышкан.

Иш чарага бий топтору, музыканттар (алардын арасында ырчылар Кайрат Примбердиев жана Айым Айылчиева) жана депутаттар Жанар Акаев менен Айсулуу Мамашева катышты.

Мамашева парламентте ала качууну адам уурдоого теңөө жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулоону убада кылды. Азыр кыргыз мыйзамдары боюнча, адам уурдоо үчүн жазанын мөөнөтү 10 жылды, ал эми ала качуу үчүн 7 жылды түзөт.

Флешмоб өткөрүүгө май айынын аягында 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү себеп болгон — Бурулайды ала качуу ишке ашпай калгандан кийин, аны ала качкан адам милиция бөлүмүндө бычактап, кыз ооруканада каза тапкан.

Бул окуядан кийин кыздарды никеге туруу үчүн ала качуу көйгөйү парламентте кеп болуп, ал эми акыйкатчы мындай кылмыштар үчүн жазаны эки эсе күчөтүүнү сунуштаган.

Бул эмне үчүн маанилүү? Ала качуу — бул никеге туруу үчүн кызды мажбурлап уурдоо. Бул көп учурда зомбулук жана кыздын эркине каршы никеге туруу менен аяктайт. БУУнун маалыматына ылайык, Кыргызстанда ала качуу саат сайын болуп турат жана Кыргызстанда жок эле дегенде никеге туруунун 35 пайызы — бул ала качуунун натыйжасы. Ошол эле учурда соттор мал уурдоо жана автоунааларды айдап качууга салыштырмалуу ала качуу үчүн адамдарды орто эсеп менен анчейин деле катаал жазалашпайт.