Камы Көлбаев. Сүрөт: Мирлан Токталиев

Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө боюнча борбордун (OCCRP) журналисттери Дубайдан 12 кыргызстандыктын кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрүн табышты. Алардын арасында 2010-жылдан тарта «дүйнөнүн ири баңги төбөлдөрүнүн» тизмесине кирген кыргыз жараны Камчы Көлбаев бар.

OCCRP АКШдан коммерциялык эмес C4ADS уюмунан 2014-2016-жылдарга карата Дубайдын кыймылсыз мүлк ээлеринин маалымат базаларын алган. Болжолдуу бул маалымат базасын адис риэлторлор түзүшкөн жана ал 181 өлкөнүн 129 миң кыймылсыз мүлк ээлеринин тизмесинен жана 54 даректен турат.

OCCRPнин иликтөөчүсү Карина Щедровски башында элиталуу кыймылсыз мүлк ээлери жөнүндө маалымат өлкөлөр боюнча бөлүнүп, андан соң алардын арасынан саясатчылар, кылмышкерлер жана АКШ менен Европа биримдигинин санкциялары киргизилген адамдар тандалып алынганын «Клооптун» кабарчына айтып берди.

«Дубайда кыймылсыз мүлк базары — инвестиция үчүн жагымдуу жер. Биз агенттердин көпчүлүгү акчалардын келип чыгышы жөнүндө сурашпаганын жана накталай төлөмгө артыкчылык беришээрин аныктадык. Базардын жабыктыгы өзү Дубайды кримтөбөлдөр үчүн жана "акчанын изин жашырууну" калагандардын бардыгына жагымдуу кылып койгон», — деди иликтөөчү.

Palm Jumeirah аралындагы коттеждер

Элиталуу кыймылсыз мүлк ээлеринин катарында 12 кыргызстандык бар, алардын ичинен жетөөсү батирлерди Дубайдын кымбат баалуу райондорунан сатып алышкан: Кыргызстандын жаранын экөөсүндө Downtown Dubai районунда, дагы экөөсүндө — Palm Jumeirah жана дагы төртөөсүндө — Dubai Marina райондорунда кыймылсыз мүлктөр табылган.

Тизмеден үч батир Байыш Сурабалдиев деген адамга таандык. Батирлердин бирөөсү Jlt jumeirah lake towers райондунда, дагы экөөсү Palm Jumeirah жасалма аралында жайгашкан.

Бул батирлердин ээси КСДПнын депутаты Элвира Сурбалдиеванын агасы болуп саналабы же жокпу так белгисиз же жөн эле алардын аттары уйкаш болушу ыктымал. Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, Сурабалдиеванын агасы ишкер Байыш Сурабалдиев «Гарант Ультра» ЖЧК күзөт агентигинин ээси.

Камчы Көлбаевдин батири

Дубайда кымбат баалуу кыймылсыз мүлккө ээлик кылгандардын арасында 2017-жылдын аягында АКШнын Финансы министрлигинин «кара тизмесине» киргизилген кримтөбөл Камчы Көлбаев бар.

«Мыйзамда таажыланган ууру» деп аталган Көлбаев батирди Bahar 1 дареги боюнча Dubai Marina районунда сатып алганы белгилүү — ал жерде мүлктөрдүн баасы 400 миң доллардан 700 миң долларга чейин турат.

Dubai Marina, Bahar 1

АКШда Көлбаевди эл аралык «Бир туугандар чөйрөсү» кылмыштуу тобунун бир бөлүгү деп аташат. Ага бир нече евразиялык Уюшкан кылмыштуу топторунун (УКТ) мүчөлөрү жана лидерлери кирет, андан сырткары, Көлбаев дүйнөн эң ири банги төбөлдөрүнүн тизмесине киргизилген.

Ага Кыргызстанда 2013-жылы үч жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган — ошол эле учурда айыптоочу тарап ага 14 жыл суранган. Бир жыл өтүп Көлбаев эркиндикке чыгып, ал эми АКШнын Мамдепартаменти Көлбаевдин «финансылык механизмдеринин бузулушуна алып келген» маалымат үчүн 1 млн долларга чукул сыйакы жарыялаган.

Кыргыз аткаминерлеринин чет жердеги мүлктөрү

2016-жылы «Клооп» Болгарияда кыргыз аткаминерлеринин жана алардын жакындарынын кыймылсыз мүлктөрүн тапкан.

Мелис Турганбаев Кыргызстандын ички иштер министри болуп турган кезде эле Болгариянын Варна кара деңиз курорттук шаарында Emir-KG деп аталган компания ачканы белгилүү болгон.

Кыргыз мыйзамдары боюнча, ал аткаминер болуп туруп жеке ишкердик кыла албайт болчу.

Андан сырткары, Болгарияда парламенттин мурдагы спикери Ахматбек Келдибековдун колуктусунун да бизнеси табылган — Аида Токтоматовага Болгариянын Бяла шаарында «ЕВРАЗИЯ-КГ» компаниясы катталган.

Фирманы каттоо учурунда Токтоматованын күйөөсү кыргыз парламентинин депутаты болчу жана мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзам боюнча ал өзү бизнес же жеке ишкерлик кыла алмак эмес болчу.

Эки компаниянын түзүлгөнү боюнча документтеринде ээлик кылгандардын кол белгилери, туулган жылдары жана аты-жөндөрү кыргыз министринин жана депутаттын аялынын маалыматтары менен дал келет.

ТЕМА БОЮНЧА: