Акыйкатчы Кубат Оторбаев отставкага кетти

Кубат Оторбаев

Ал кызматтан кетишин кандайдыр бир басым менен байланыштырган жок. Анын айтымында, сот системасында, прокуратурада жана укук коргоо органдарында түп тамырынан реформа кылмайынча жарандырдын эркиндиги менен укуктарын толук кандуу коргоого мүмкүн эмес.

Оторбаев өз билдирүүсүн 26-июнда акыйкатчынын басма сөз кызматы аркылуу таратты. Анын айтымында, ал башка тармакта иш алып барат, ал эми отставкага кетүү боюнча чечим кимдир бирөөнүн басымы менен байланыштуу эмес.

Ал өз кайрылуусунда президент Сооронбай Жээнбеков жарыялаган коррупцияга каршы күрөштү колдоп, сот системасында, прокуратурада жана милицияда реформа керектигин баса белгилеген.

Андан тышкары, Оторбаев акыйкатчы кызматында турган кездеги бир нече жетишкендиктерин тизмектеген. Анда жарандардын укуктарын коргоо жөнүндө 19 атайын баяндама бар.

Акыркы бир нече айда Оторбаев бир катар билдирүү жасаган. Мисалы, алардын бири оппозиционер Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу жөнүндө сураныч болсо, ал эми дагы бири РИИБде өлтүрүлгөн 19 жаштагы кызга байланыштуу.

Кыргыз басылмалары июнь айынын экинчи жарымында Оторбаев акыйкатчы кызматынан кетиши ыктымалдыгын жаза баштаган. Макалалардын авторлору муну КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун сын-пикирлери менен байланыштырышкан.

«Фабула» гезитинин маалыматы боюнча, Өмүркулов Оторбаев эки жылдан бери парламентке отчёт бербей жана жыйындарга катышпай жүргөнүнө нааразы болуп, парламенттик социал-демократтардын лидери акыйкатчынын отчётун кабыл албоону сунуштаган.

Өмүркулов мындай сөздөрдү Оторбаевдин дарегине 2017-жылдын аягында эле айткан. Анда акыйкатчы социал-демократтардын жыйынына келбей калып, алар ага ишеним көрсөтпөөнү чечишкен, бирок натыйжада Оторбаев өз кызматында калган.

Бирок ал кезде КСДПнын бардык эле депутаттары акыйкатчыга каршы эмес болчу. Мисалы, Ирина Карамушкина жарандык коом анын ишине жогору баа берет деп айткан.

«Мен ал эмне үчүн келбей жана эмне үчүн көңүл сыртында калтырып жатканын түшүнө албай жатам. Бул нерсени аныктоо керек, бирок жарандардын укугун коргоо — абдан оор маселе», — деген Карамушкина.

Оторбаев 2015-жылы акыйкатчылык кызматка келген. Ага чейин ал төрт жыл КТРКны жетектеп, «Азаттык» үналгысынын директорлук кызматын аркалаган.


ТЕМА БОЮНЧА: