Коллаж: Александра Титова/Kloop.kg

Патриархалдык коомдо никеде туруп, балалуу болуу керек — тун наристе төрөлөөрү менен айланадагылардын бардыгы экинчиси качан болот деп сурай башташат. Өз артында тукум калтырууну көздөбөгөн адамдар дайыма начар кабыл алынат. Алар эмне үчүн түшүнүп туруп эле балалуу болуудан баш тартышканын «Клоопко» айтып беришти.

Көңүл бургула! Бул материалда адамдар эмне үчүн балалуу болууну эңсебегени жөнүндө айтып беришет. Эгерде бул түшүнүк сиздин сезимиңизге терс таасирин тийгизсе, анда нервиңизди сактап, башка макалаларды же эмне үчүн памирлик кыргыздар кайра Кыргызстанга кайтууну каалашпаганы тууралуу материалды окуңуз.

Кыргызстан бала төрөө көрсөткүчү боюнча Азия өлкөлөрүнүн биринчи ондугуна кирет. 2016-жылы өлкөдө орточо эсеп менен 1000 адамга 22,6 наристе төрөлгөн.

Өлкөдө билип туруп бойго бүтүрүүдөн жана балалуу болуудан баш тарткан адамдар абдан сейрек кездешет. Аларга коом, үй-бүлө басым кылат, бирок алардын балалуу болууда баш тартууга өз себептери бар. Алар «Клооптун» кабарчысы Александра Титовага эмне үчүн андай чечимге келишкенин айтып беришти.

Мирлан, 33 жашта: «Эки мышыгы бар, күчтүү жана көз карандысыз»

Коллаж: Александра Титова/Kloop.kg

Азырынча мен чайлдфримин, бирок келечекте кандай болоорун билбейм. Балким коом баары бир мажбур кылаттыр. Бирок мен «балалуу болуу бактылуулукка жетүүнүн эң оңой жолу» деп айтып жаткан коомдун таңуулаган программасы менен жашагым келбейт. КМШда менталитет ушундай — жөн эле бактылуу болсо болбойт.

Мен коомго жана мейнстримге каршымын, ал эми балдар — бул мейнстрим. Балдар баарын талкалап, бүлдүрүп, кыйкырышат, ал эми мен гикмин — мага мейкиндик керек. Азыр мен муну түшүнөм, ал эми 20-25 жашымда кыздуу болуп, ал менен чогуу аниме көргүм келчү. Жылдар өтүп мага мындай нерсе керек эмес деген чечимге келдим. Мен эч качан колума бала алып, алар менен эркелешүүнү каалаган эмесмин.

Менин сүйлөшкөн кыздарым жалаң феминист жана чайлдфри болушкан. Акыркы сүйлөшкөн кызым турумшка чыгып, балалуу болгусу келген, бирок мен дайыма тамашалап, чайлдфри сөздөрүн айтып жүрүп, сүйлөшпөй калдык.

Мен бала төрөлүшү үчүн эле өзүмө эч качан өнөктөш издеген эмесмин. Бардыгы мени түшүнүп турса, мага ошондо гана жакшы болот. Апам неберелүү кыл дебегени менен дайыма «Жакшы кыз жолуктурсаң, ошондо балалуу болгула» деп айтат. Ошондуктан мен туугандарым мени кодулашпайт деп айтсам жаңылбайм.

Мен баланы карыган кезде жардам беришет деп төрөгөндөрдү түшүнө бербейм, алар кетип калышы мүмкүн да. Балдар биологиялык жактан алып караганда өз гениң уланышы үчүн керек. Өз биоматериалыңды калтырыш үчүн балалуу болушат. Апалык жана аталык туюмга адамдар көбөйүшү керектигин сиңдиришет, бирок муну жаман деп айтуудан алысмын, анткени бул ар бир адамдын өз иши.

Статистика боюнча жашоочулардын 90% коомго наристеден башка эч нерсе бере албаган акылсыз керектөөчүлөр. Балким ошол наристе өз ата-энесинин колунан келбей калган нерселерди жүзөгө ашыраттыр. Мына ушундай үмүттө бала төрөшөт. Бирок өзүмө жооп бере албайм, анткени келечекте менин да оюм өзгөрүшү ыктымал.

Мен «Бала — бул жашоонун маңызы» деп айтылган сөзгө кошулбайм. Мунун бардыгы салыштырмалуу эле нерсе да. Мен үчүн бул билим алуу, бирок балдар эмес. Мен эки мышыгы бар күчтүү жана көзкарандысыз эркекмин да.

Алина, 26 жаш: «Өзүңдү аял катары сезүү үчүн баланын кереги жок»

Коллаж: Александра Титова/Kloop.kg

Мен курактуулар төрөй башташканда мага бул эч кандай таасир эткен жок. Менин балалуу болууну эңсеген каалом жок болчу деп айтсам болот. Мен «Төрөгөндүн эмне кереги бар?» деп сурачумун. Ошондо мага «Ошондой», «Ошондой болушу керек», «Ата-энем небере сурап жатат» же «Тукумум менен коомго карызым» деген сыяктуу жооп беришет эле.

Мен адамдар өздөрү балалуу болгусу келбейт деп калдым — алар коомго, тукумуна карыз төлөгүсү келет, ал эми менин андай каалоом жок. Негизи эле төрөгүм келбейт. Мага «бул сенин маңдайыңа жазылган» же «төрөп гана өзүңдү чыныгы аял сезе аласың» деп айткандары эч качан жаккан эмес.

Өзүңдү аял сезиш үчүн баланын кереги жок. Менин балага талпынуум жок, жада калса наристе абдан назик көрүнүп, «жөн гана кармап тур» деп суранышса да баш тартып коём.

Мен өз убактымды, ден соолугумду жана нервимди курман кылгым келбейт. Айрымдар карылык келгенде [балам] бир чөйчөк суу берет деген үмүттө төрөшөт, бирок мен үчүн бул абдан чоң салым.

Төрөт аялдын ден соолугу үчүн пайдалуу деп айткандарды түшүнбөйм. Бул болбогон сөз да. Калктын санын өстүрүү үчүн жада калса аялдын жыныстык жагындагы майда-чүйдө оорунун айынан деле «даарыланыш керек» деп төрөткө жиберип салган советтик жана постсоветтик гинекология туудура берген.

Анекдоттогудай эле болуп жатпайбы:

Бир жериң оруп жатабы? Төрө.

Дагы ооруп атабы — экинчисин төрө.

Кайрадан ооруп атабы? Үчүнчүсүн төрө.

Ооруганы басылбай жатабы? Төртүнчүсүн төрө!

Баары бир эле басылбай жатабы? Сени бирөө жайната төрө деди беле.

Аял төрөсө-төрөбөсө деле баары бир күнөөлүү болот. Организмге эбейгейсиз залал келтирилип атканын практика көрсөтүп жатпайбы. Төрөт жашартпай эле организмди эскиртип жатпайбы.

Мен 26 жашатамын, адамдар мага «сен азыр жашсың, убакыттын өтүшү менен токтолосуң, төрөйсүн, андан кийин энелик туюмүң ойгонот» деп айтышат. Мен билем мага 48 жашымда деле «эч нерсе эмес, бардыгы болот» деп айтканды уланта беришет.

Апам менин пикиримди билгени менен качандыр бир күнү мени эсине келет деп ойлоп жүрөт. Сүйгөн адамым колдойт, мен көз карашымды тең бөлүшө албаган адамдарды сүйө албайт болушум керек деп ойлойм.

Дайыма төрөгөн же төрөбөй жүргөн адамдардын катмары боло берет. Дайыма ушундай болуп келген. Чайлдфри жөн гана эч ким биле элек жаңыча аталыш. Балалуу болууну эңсебен аялдарды көк байпактар, ал эми эркектерди бөрт карылар деп аташчу. Бул прогрессти кыймылдаткан адамдар болушкан.

Яна (аты өзгөртүлдү), 27 жашта: «Мен балалуу болуу үчүн укук алынышын каалайт элем»

Коллаж: Александра Титова/Kloop.kg

Биздин коомдо кыздар — өзүмдү кошуп — кичинекей кезден эле сен турмушка чыгышың керек экенин чечип келген туугандарың тарабынын басымына кабылып келесиң.

Менин туугандарымдын жүрүм-турумуна караганда алар буга какшай берген болбой калды, бул кара далы болуп калды деп чечим чыгарып коюшса керек. Алар менин сүйлөшкөн жигитим бар экенине карабастан, мындай болбойт, кыз деген сөзсүз турмушка чыгышы керек, ал эми күйөө табылбай жатса ал кимдир бирөөдөн кош бойлуу болуп калышы керек деп эсептешет.

Бул нерсени бир гана туугандар эмес, бардыгы тең кеңеш кылышат.

Жада калса кийим сатып алып жатсам сатуучу «Төрөгөнгө убактың келиптир!» деп айтты. Мен турмушка чыга элекмин, азырынча ага акчам жок десем ал «Айрымасы жок, төрөш керек!» деп жооп кайтарды. Мен үчүн «Карып кетесиң» жана «Сөзсүз төрөш керек» деген сөздөр таптакыр жүйөө эмес.

Негизи адамдар балалуу болуш үчүн абдан акылсыз себептерди колдонушат. Албетте, көпчүлүгү жакшы ата-эне болуп саналат, бирок кээ бирлери андай эмес. Кичинекей балдар башка кичинекей балдарды жасап, анын айынан ар кандай кайгылуу окуялар болуп атканы жөнүндө толгон-токой жаңылыктарды көрүп эле жатабыз го.

Мен биздин коом дени сак болушун жана жаңы үй-бүлө мүчөлөрүнүн пайда болушуна карата басымды сарамжалдуураак бөлүштүргөнүн каалайт элем. Бардыгы катар-катар менен төрөй бергендин кереги жок. Негизи мен ата-энелик үчүн укук берилсе идеалдуу болмок деп ойлойм. Анткени айрым адамдар таптакыр балалуу болбошу керек.

Влад (аты өзгөртүлдү), 25 жаш: «Мен мамлекетке ишенбейм»

Коллаж: Александра Титова/Kloop.kg

Балалуу болуу тилеги салмактуу, олуттуу жана терең олонуу чечими менен кабыл алынышы керек. Мен азыркыга чейин кантип кокустан эле балалуу болуп калышат деп ойлоном, себеби бул кадамдын бүткүл жоопкерчилигин сезип, өзүңө отчёт беришиң керек.

Жеке мен балалуу болууга даяр эмесмин. Бутума тура электигим же көптөгөн ой максаттар ишке аша электиги үчүн эле даяр эмесмин дебейм, себеби бул — азыр мени алсыратып коё турчу гана чоң жоопкерчилик. Мен жеке көйгөйлөрүм балага таасир этип калышын каалабайт элем.

Эгерде балага талаптагыдай көңүл бурбай, анын өсүп-өнүгүшү үчүн салым кошпой койсоң ал өз убактысынан мурда жалгызсыраган, адам сүйбөгөн жана жини чукул кичинекей чоң балага айланып калат.

Мен ата-эненин эмоционалдык жана физикалык абалына башка адамдар менен мамиле куруу сыяктуу жөнөкөй эле нерседен баштап, мамлекеттин саясий түзүмү менен бүткөн көптөгөн кубулуштар таасир этээрин түшүнөм. Негизи балдардын бактысы ата-энесине караганда алар жашаган мамлекеттен көз каранды.

Кеп бийликтин жогорку органдары калкты ХХI кылымдын талаптарына ылайык жашоо шарты менен камсыздаганга алы жок экендигинде болууда. Ал шарттар: медицина, билим берүү, агартуу жана туруктуу жумуш.

Биздин өлкөдө мектептердин ордуна жүздөгөн жаңы мечиттер курулуп жатат. Ал эми балдарга ден соолук жана билим керек!

Дин — бул биздин мамлекеттин көптөгөн көйгөйлөрүнүн бири гана, бирок жалпысынан айтканда бул көйгөйлөр үчүн биринчи кезекте керт башын ойлоп жаткандардын кызыкчылыгы балдарга түздөн-түз таасир этип жаткан өлкө жетекчилигинин жоопкерчилиги.

Балалуу болгум келбегинин негизги себеби — бул баланы жок кылган же андан системанын ишенимдүү кулун өстүргөн мамлекетке ишенимдин жоктугунда болууда. Бир четинен качандыр бир кезде колума кичинекей жана назик жанды колума алууну кыялданам.

ТЕМА БОЮНЧА: