«Азаттык» үналгысынын журналисти Улан Эгизбаев 22-июль күнү Ысык-Көлдө сууга чөгүп каза тапты. Эгизбаев эл аралык сыйлыктарга татыган иликтөөчү журналист, атайын долбоорлордун жана видео окуялардын автору катары белгилүү болчу.
Кайгылуу окуя 22-июлда жүз берген. Күн жарымдап калган учурда Чолпон-Ата шаарындагы көл жээгинде эс алып жаткандар сууда чөгүп жаткан адамды көрүшкөн — ал Улан Эгизбаев болгон. Суудан аны эс-учун жоготуп жиберген абалда чыгарып, ооруканага алып кетишкен. Жаш журналистти сактап калууга мүмкүн болбой, ал медициналык мекемеде көз жумган.
Эгизбаев өз доорунун мыкты кыргыз тилдүү журналисттеринин бири болуп саналчу. Эмнеге Эгизбаевдин өлүмү кыргыз журналистикасы үчүн орду толгус чоң жоготуу экенин түшүндүрөбүз.
Ал маанилүү иликтөө жүргүзүүдөн коркчу эмес
Уланбек Эгизбаев журналисттик иликтөөлөрүндө кыргыз аткаминерлеринин коррупциялык схемаларынын, хан сарайлардын курулушу үчүн муниципиалдык жердин мыйзамсыз сатылышынын жана көрүстөндөгү коррупциянын бетин ачкан.
Эгизбаевдин материалдары коомдук резонанс жаратып турган: анын көрүстөндөгү коррупция тууралуу акыркы иликтөөсүнөн кийин парламенттин депутаттары менен укук коргоо органдары бул кырдаалга көңүл бура башташкан.
«Азаттык» үналгысы ырастагандай, акыркы учурларда журналист белгисиз адамдар тарабынан коркутууларды алып жүргөн.
Ал окуялардын очогуна баруудан тайманчу эмес
Эгизбаев коркуп-үркпөстөн эң эле жалындуу окуялардын чок ортосуна баруудан коркпогон журналисттердин бири болчу. Ал митингдерди, окуяларды жана саясатчылардын кармалышын чагылдырган. Эгизбаев 2017-жылдын февралында өлкөгө учуп келген оппозиционер Өмүрбек Текебаевдин кармалышын чагылдыруу үчүн «Манас» аэропортуна биринчи болуп жетип барган журналист болчу. (Ал эми бул окуя ишембиден жекшембиге караган түнү болгон.)
Натыйжада Текебаев менен бирге бул окуяны чагылдырып аткан Эгизбаев да кошо кармалган. Ошентип башка журналисттер ойгонуп, андан улам Текебаевдин кармалышын прессадан оолак ишке ашырууга мүмкүн болбой калган.
Ал мыкты видео окуяларды тартып жүргөн
Эгизбаев талыкпаган эмгеги менен айрымаланып турчу. Иликтөөлөрдүн ортосундагы тыныгууларда ал Кыргызстандын бүткүл булуң-бурчундагы адамдар жөнүндө таасирлүү видео окуяларды баяндап турчу. Алардын айрымдары мектепте сабак өтүү үчүн күн сайын атчан 10 километр жол басып өткөн мугалим Кеңешбек Шоруков жана Нарын облусунда майыптар коляскасында мектепке барып келип жүргөн бала Нургазы жөнүндөгү окуялар болуп саналат.
Нургазынын окуясы окурмандардын жүрөгүнөн түнөк таап, Эгизбаевдин репортажынан кийин Нургазыга мектепке кечикпей барып келип турушу үчүн квадроцикл белек кылышкан. Ал эми он айдан кийин Эгизбаевдин эмгеги эл аралык Webby Awards интернет сыйлыгын алган. Буга чейин Кыргызстандан аталган сыйлыкты эч ким алып көргөн эмес.
Жогоруда аталгандын бардыгын Улан кыргыз тилинде жасаган
Эгизбаевдин эмгеги кыргыз тилдүү журналистиканын алсыздыгы жөнүндө калыптанып калган көз караштарды жокко чыгарган.
Улан 28 жашында кыргыз журналистикасына жаңыдан кадам таштап жаткан адамдар үчүн үлгү боло алган.
Кыргызстанда өз адистигинин жогорку стандарты боюнча иштеп жаткан кыргыз тилдүү мыкты иликтөөчү журналисттердин мууну өсүп келе жатат. Бул өзгөрүүлөрдүн башында Эгизбаев турганын ишенимдүү түрдө айтканга болот.