Бишкек — Кара-Балта жолунун курулушу. Сүрөт: Жанна Жарматова/Kloop.kg

Кыргыз бийлиги үстүбүздөгү жылдын апрель айында Бишкек — Кара-Балта жолун оңдоп-түзөөнү баштаган. Бул калаадан Кара-Балтага жана кайра борборго чейинки эң кыска жана ыңгайлуу жол. Бирок азыр бул жол менен жүргөн эл чоң ыңгайсыздыктарга кабылууда.

Реконструкция учурунда жумушчулар төрт тилкенин ичинен үчөөсүн, тагыраагы көпчүлүк бөлүгүн тосуп коюшкан. Ошондуктан жолдун жалгыз тилкеси унаа агымына туруштук бере албай, авто тыгындар пайда болууда. Үйлөрүнө кайтып же жумушка кетип бара жаткан жергиликтүүлөр, көбүнесе эртең менен жана кечкисин убактыларынын көпчүлүгүн жол тыгынына кетиришүүдө.

Өз кезегинде маршруттук таксилердин айдоочулары тыгындардын айынан бензиндин чыгымы көбөйүп, күйүүчү майга акча көп сарптай башташканына арызданышууда.

«Жол жаман, машина бузулуп жатат. Каттамдын жана жүргүнчүлөрдүн саны азайды. Мурда бир саатта эле жетчүмүн, азыр болсо бир жарым саатта, кээде тыгындардан улам жол жүрүүгө эки саат кетип калат. Бензин көп сарптала баштады. Мурда 13 литр коротсом, азыр унаам 15-17 литр иче баштады», — дейт маршруттук таксинин айдоочусу Эркинбек.

Транспорт министрлиги жолдо унаа тыгыны пайда болуп атканын мойнуна алды. Бирок мекеменин оюнча, буга айдоочулар өздөрү күнөөлүү. Мекемеден кошумчалашкандай, алар жол кыймылынын эрежелерин сактабагандыктан тыгындар жаралып жатат.

«Автоунаа айдоочулары жол эрежесин сактабагандыктан улам көйгөй жаралууда. Айдоочулар убактылуу эскертүү белгилерин этибарга албай, жолдун чекесине, каршылаш тилкеге чыгып кетип жатышат. Ошонун баары "тыгын" жаратууда», — деп билдиришти мекемеден.

Жол куруучулар жолдун төрт тилкесинин ичинен үчөөсүн тосуп коюшкан. Сүрөт: Жанна Жарматова/Kloop.kg

Ыңгайсыз ырааттама

Нааразычылыктарды басаңдатуу үчүн бийлик жергиликтүүлөргө айланып өтүүчү жолду жана Бишкек — Кара-Балта каттамы боюнча жүргөн поездди сунушташкан.

Бирок бул эки сунуш тең жергиликтүү тургундарга ыңгайсыз болуп калган: биринчиси — баары бир эле оңдолуп аткан жол аркылуу жүрүү керек, ал эми экинчиси — Кара-Балтада жашап, бирок Бишкекте иштегендер үчүн поезддин жүргөн сааты алардын убактысына туура келбей калууда.

Кара-Балтадан Бишкекти көздөй биринчи поезд эртең менен саат 10:40та, тагыраагы адамдардын көпчүлүгүнүн жумуш убактысы башталып калгандан кийин сапарга чыгат. Бишкектен кайра Кара-Балтаны көздөй акыркы поезд адамдар жумуштан чыга элек кезде, саат 17:00дө кетет.

«Поезд шашпагандар үчүн эле жакшы, жайбаракат кете бересиң. Шашып жатканда маршруткага түшөбүз, бирок азыр алар да жай жүрө башташты. Биз жолдун эртерээк жана сапаттуу бүткөрүлүшүн каалайбыз, себеби бул биз үчүн эле жакшы болот да», — дейт алгачкы жолу поездге отуруп көрүүнү чечкен Кара-Балтанын тургуну Ася.

Үч жыл чыдагыла

Жергиликтүү тургундар жол оңдоо иштери жай болуп аткандыгына нааразы болушууда. Транспорт министрлиги жол куруу иштери пландан артта калып жатканын мойнуна алды.

Бийлик 2018-жылы курулуш иштеринин жалпы көлөмүнүн төрттөн бирине чукулун бүтүрүүнү пландоодо. Ал эми реконструкция толугу менен үч жылдан кийин гана аяктамакчы.

Транспорт министрлигинен курулуш бир нече себептерден улам созулуп кеткендигин айтышууда.

Башында 17 жергиликтүү тургун жол курулуш иштеринен улам болуп жаткан титирөөдөн үйлөрүнүн дубалдары жарыла баштаганына арызданышкан. Жол оңдоо иштери жарым жылдан ашуун убакытка токтоп калган.

Бул убакыт аралыгында Транспорт министрлиги титирөөнүн жол жээгиндеги үйлөргө тийип аткан таасирин изилдеп чыгып, тургундардын нааразылыгы негиздүү экенин аныктаган. Ошондон кийин бул техниканы колдонбоо чечими чыгырылган, анткени айланадагы үйлөр эски жана бул иштер аларды кыйратып коюшу мүмкүн.

2018-жылдын май айынын аягында ал жердеги жол оңдоо иштери кайра жанданган. Министрликтин айтымында, жол куруучулар титиретүүчү техникасынан баш тарткандыктан курулуш иштери абдан эле кечеңдей баштаган.

Жергиликтүүлөр ары-бери өткөн машиналар жолду чаңдатып жатканына арызданышууда. Сүрөт: Жанна Жарматова/Kloop.kg

Андан тышкары, 2018-жылы жайында курулуш иштери тургундар оор жүк унааларынын жолун 10 күнгө тороп алышкандыктан улам да токтоп калган. Алар жол оңдоо иштери үчүн шагылды карьерден чыгарышын талап кылышкан. Жайынтыгында жашоочулардын талаптары канааттандырылган.

Жол куруу иштеринин токтотулушуна пландар менен схемаларда эч ким жер алдынан өтчү коммуникацияларды көрсөтпөй койгону себеп болгон. Курулуш кызматкерлери документте көрсөтүлбөгөн коммуникацияларды тапкан сайын долбоорго өзгөртүүлөрдү киргизип, иштин көлөмүн көбөйтүүгө туура келген.

Мекеме жол курулушунун кечеңдешине 2018-жылдын жайында болгон начар аба ырайы да себеп болгонун айтышты. Ага ылайык, жай айларында 27 күн катары менен жаан жаап туруп алган.

Транспорт министрлиги жергиликтүүлөр менен айдоочулардан «пайда болгон кыйынчылыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну» суранып, жол оңдолуп бүткүчө, тагыраагы дагы үч жыл чыдап турууну өтүнгөн.

Бактарды кыюу жана чаң

Ошондой эле, тургундар менен айдоочулар ары-бери өткөн машиналар айлананы чаңдатып жатканына арызданышууда. «Жолго өз убагында суу чачылбайт, чаң сапырылат, эч нерсе көрүнбөйт, белгилер туура эмес орнотулган, жол кырсыктары да болуп турат», — деп айтып берди таксист Адилет.

Бирок Транспорт министрлигинен жолго суу чачылып жатканын, ал эми айлана чаңдап атканына айдочуулар өздөрү күнөөлүү деп айтышууда.

«Катуу ылдамдыкта жүргөн автомашиналар чаң чыгарат. Айдоочулардан ылдамдыкты азайтып, жайыраак айдап, аталган тилкелерден өткөндө сабырдуу болгула деп айтат элек», — деп билдиришти министрликтен.

Жергиликтүүлөрдүн пикири боюнча, жолду кеңейтиш үчүн 3500 миңден ашуун бак-дарак кыйылып кеткендиктен чаң чыгууда.

«Гавриловка таз болуп калды. Кечээ эле курбума жолуксам "өз аялдамамды тааныбай өтүп кетипмин" деп айтты. Бул бактарга 60-70 жыл болгон. Алар бороон-чапкынды тосуп турчу да. Азыр шамал көп болуп, чаң да көбөйдү», — деди Бишкек — Кара-Балта жолунун жээгинде жайгашкан Гавриловка айылынын тургуну Светлана.

Жолду кеңейтиш үчүн 3500 миңден ашуун бак-дарак кыйылган. Сүрөт: Жанна Жарматова/Kloop.kg

Транспорт министрлигинен «ал жакта бактарды сактап калыш үчүн бардык аракет көрүлүп жатат» деп айтышууда. Жолдун курулушу башталгандан бери 104 бак-даракты сактап калууга мүмкүн болгон.

«Негизинен бактар авто жолду кеңейтүү жана жаңы тротуарларды куруу үчүн эле кыйылууда. Эгерде бактар жол коопсуздугуна таасир этип калчудай болсо, анда аларды кыюуга аргасыз болобуз», — деп түшүндүрүштү мекемеден.

Бийлик жол боюна кыйылгандан да үч эсе көп бак-дарак отургузууну убада кылууда.

Дээрлик үч жылга созулган макулдашуу

Кыргызстан 2014-жылы январда Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) менен келишимге кол койгон. Ага ылайык, банк жолдун курулушун каржылайт.

Курулуш иштери бир жылдан кийин башталышы керек болчу. Ал эми кыргыз бийлиги жол курулушу үчүн тендерди 2015-жылы декабрь айында жарыялаган. Бирок тендер Кыргызстандын транспорт министрлиги менен АӨБдүн ортосундагы чыр-чатактардын айынан бир жылдан ашуун убакытка созулуп кеткен.

Бул убакыт аралыгында Транспорт министрлигинин башчысы Замирбек Айдаров Кытайдын №5 China Railway компаниясынын кызыкчылыгын коргоп, тендердик комиссиянын ишине кийлигишүү боюнча айыптардан улам кызматынан кеткен.

Натыйжада жалданмачы 2017-жылы гана аныкталган. Ал жогоруда айтылган №5 China Railway компаниясы болуп калган.

Жалпысынан бүткүл долбоор 120,8 млн доллар турат. АӨБ ага 65 млн доллар өлчөмүндө насыя жана 35 млн доллар грант бөлгөн. Кыргызстан долбоорго салыктар менен алымдарды жабууга кете турчу 20,8 млн доллар салууда.

Мамлекет АӨБдүн насыясын 2046-жылга чейин төлөйт.

Тексттин үстүндө иштегендер: Айзада Каратаева, Жанна Жарматова,

Нурзада Досматова, Анна Капушенко