Белизгейттен кийин эки жыл. УКМК менен Сегизбаевдин айткандары дал келбей жатат

Сүрөт: Азаттык

«Ата Мекен» фракциясынын жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) депутаттар Текебаев, Салянова жана Шыкмаматовдун 2010-жылы «Мегаком» компаниясынын акцияларын сатууга тиешеси бардыгын тастыктап бере турган Белиздин расмий документтери жок экени белгилүү болду. 2016-жылы президент Алмазбек Атамбаевге «түп нуска документ» өткөрүп берген УКМКнын экс-башчысы Абдил Сегизбаев эми документтер ошо бойдон тастыкталбай калганын айтууда. Бирок ал «“Мегакомдогу” коррупцияны» ачып бергенин белгиледи.

Белизден документтер жок, кылмышкерлер бар

«Белизгейттен» соң дээрлик эки жыл өттү. 14-сентябрда «Ата Мекен» фракциясынын жыйынында УКМК Белизден расмий документ албаганы белгилүү болду.

УКМКнын өздүк коопсуздук башкармалыгынын начальниги Бактыбек Мусуралиев УКМК Белиздин органдарына кайрадан сурам жөнөткөнүн депутаттарга айтты. Аларга келген жооп толугу менен 2016-жылы ноябрда мекеменин мурдагы башчысы Сегизбаевдин айткандарын четке кагат. Жаңы маалыматка ылайык, «Ата Мекендин» депутаттары байланыш операторунун акцияларына ээлик кылышкан эмес.

Абдил Сегизбаев

УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев Белиз боюнча документтерге башында «Super.kg» басылмасына, андан соң «Азаттык» үналгысына комментарий берген.«“Мегакомдо” коррупция болгону, буга “Ата Мекендин” айрым өкүлдөрү катышканы факт. 2010-жылы 100 пайыз улутташтырбай 51 пайызын жашырып коюшканы да факт. Айрым депутаттар “Мегаком” боюнча абакта отурганы факт», — деген ал.

«Ата Мекендин» мурдагы лидери Өмүрбек Текебаев чынында эле «Мегаком» компаниясына байланыштуу иш менен  абакта отурат, бирок анын иши таптакыр Белиздин документтерине байланышы жок.

Эми Сегизбаев Белиз саясатчылардын коррупцияга айыпталышы боюнча документке анык тастыктама берген эмес деп көшөрүүдө.

«Тактаганга бир нече жолу аракет жасадык. Бирок тилекке каршы Белизден так жооп алыш кыйын экен. Ала алалган жокпуз. Ошол эле учурда “кыйыр тастыктама” деп коебуз, ошону алганга аракет кылдык. Биз Белизден түздөн-түз жооп алалган жокпуз », — деди ал.

Ал эми эки жыл мурда Сегизбаев документтердин аныктыгын айтып, ачыкка чагара албас маалымат булактарына таянган.

Азыр болсо УКМКнын экс-башчысы 2016-жылы саясатчылар эч нерсеге айыпталбаганын, болгону маалыматтар текшерилгенин айтууда. Ал эми келген документтер «“Мегакомдо” коррупция бар болушу» ыктымалдыгын көрсөткөн.

«Бул маалыматтар келгенден кийин ошол "Мегакомдун" тегерегинде коррупциялык схемалар орун алганын бизге көрсөтүп берди да. Анан ошонун негизинде иш жүрдү, текшерүү жүрдү. Кийин иш козголду. (...) Себеби, буга көңүл бурбай, көмүскө калып калса “Мегакомдун” тегерегинде бир топ терс иштердин баары көмүскөдө калып калмак экен», — деп эсептейт ал.

Алмамбет Шыкмаматов

«Ата Мекендин» лидери Алмамбет Шыкмаматовдун пикири боюнча, Абдил Сегизбаев жоопкерчиликке тартылышы керек. Шыкмаматов фракциянын жыйынында ал жоопко тартылаар-тартылбасы жөнүндө сураганда Башкы прокуратуранын өкүлү түз жооп бере алган жок.

Ал эми депутат Наталья Никитенко «Белизгейттин» артында кимдир бирөө турат жана анын укук коргоо органдары табыш керек деп эсептейт.«Атамбаев документтер тастыкталбаса Сегизбаевди жоопкерчиликке тартаарын бардыгы угушкан. Айткан сөзгө туруш керек. Кеп кысымга кабылган адамдардын, партиянын ар-намысы менен кадыр-баркы жөнүндө болуп жатат. Бул партияларга гана эмес, саясий системага да терс таасирин тийгизип жатат», — дедеи ал.

Белизгейт

2016-жылы президент Алмазбек Атамбаев демилгелеген Конституцияга өзгөртүүлөрдүн толкунунда оппозициячыл депутаттар коррупция боюнча айыпталган.

УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев президентке «ата мекенчилер» Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматовдордун «Мегакомдун» акцияларына ээлик кылышы ыктымалдыгын жана алардын байланыш операторунун 51 пайыз акциясын жүзөгө ашпай калган сатуу аракетине тиешеси бар экенин тастыган документти көрсөткөн.

Анда УКМКнын башчысы документтерди Белиздин расмий органдарынан алышканын жана анда болжолдуу кулатылган президент Курманбек Бакиевдин баласы Максимге тиешелүү Southfield Management Inc офшор компаниясы жөнүндө маалыматтар бар экенин айтып чыккан.

Бул компания «Мегаком» байланыш операторунун 51 пайыздан ашык акцияларына ээлик кылган, ал эми оппозициячыл депутаттар компаниянын 22 пайыз акциясына ээлик кылышы ыктамал болгон.

Southfield Management Inc акцияларды 50 млн доллардан ашуун суммага сатууну пландаган. Ал эми Сегизбаев Текебаев, Салянов жана Шыкмаматов «Мегакомдун» акцияларынын сатылышынан киреше ала алышмак деп ырастаган. Ошол эле учурда байланыш операторунун акциялары сатылбай калып, алар мамлекеттин пайдасы үчүн конфискацияланган.

«Расмий» документтердин алынышы өлкөнүн башкы КТРК телеканалынан байма-бай көрсөтүлүп турган. Ал эми депутаттарга карата текшерүүлөр башталган.

Оппозицияонерлер документтер «жасалма» деп ырасташып, ал эле эмес УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев менен президенттик аппараттын жетекчиси Алмаз Үсөнөвдун үстүнөн сотко беришкен. Алар соттон утулуп калышкан.