Кыргызстанда дээрлик үч айдан бери акыйкатчы жок. Мурдагы акыйкатчы Кубат Оторобаев соттук жана укук коргоо тутумдарында кескин реформалар болбосо жарандардын укуктарын коргоо мүмкүн эмес деп билдирип, отставкага кеткен.
Акыйкатчылык кызматка беш адам талапкерлигин көрсөтүүдө. Алар: премьер-министрдин кеңешчиси Токон Мамытов, укук коргоочу Рита Карасартова, башкы прокурордун мурдагы орун басары Рыскул Бактыбеков, юрист Канатбек Азиз жана акыйкатчы институтунун мурдагы кызматкери Маматурайым Момунов.
Негизи кызматтын өзү канчалык маанилүү?
Укук коргоочулар дээрлик акыйкатчы деле болушкан эмес
Акыйкатчы — бул мамлекеттик укук коргоочу. Ал башка маморгандарга эмне кылуу керектигин милдеттендирген бийликке да ээ эмес. Анын милдети мыйзам бузууларга көңүл бурдуртуу жана аны алдын алуу үчүн маморгандарга сунуш же кеңеш берүүдө турат.
Акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева жергиликтүү кеңештер менен маморгандар алардын сунуштары менен кеңештерин 80 пайызга аткарышаарын айтууда. «Сот бийлигинде тоскоолдуктар бар. Алар биздин сунуштарды толугу менен аткарышпайт», — дейт ал.
Анын айтымында, укуктарды коргоо жаатында тажрыйбасы бар адам акыйкатчы болушу керек. «Ал бир эле биздин эмес, чет элдик жарандардын жана мигранттардын укуктарын жакшы билиши керек. Республика боюнча абалды билиши абзел», — деп түшүнүрөт Жамгырчиева.
Бирок акыйкатчылык — бул саясий кызмат. Аны парламент бир нече талапкердин ичинен добуштардын көпчүлүгү менен шайлайт. Кызматка тигил же бул талапкердин келиши анын адискөйлүк сапатынан гана көз каранды эмес, тагыраагы депутаттар да аны канчалык жакшы билээринен көз каранды.
Кыргызстандын бүткүл тарыхында тажрыйбалуу укук коргоочу акыйкатчы болуп калган учур кездешкен эмес. Акыркы эки акыйкатчы Кубат Оторбаев менен Бакыт Аманбаев журналист болушкан. Турсунбек Акун акыйкатчылыкка дайындалганга чейин президентке караштуу адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы болгон. Турсунбай Бакир уулу парламенттин II чакырымынын депутаты болгон.
Укук коргоо органынын кызматкери акыйкатчы боло алат
Бул ирэт да акыйкатчы тандоодо так эле мурдагыдай болушу ыктымал. Бул кызматты ээлеп калышы ыктымал талапкер — Токон Мамытов. Буга байланыштуу эки факты бар. Биринчиден, ал президент Сооронбай Жээнбековго жакын (Мамытов Жээнбеков премьер болуп турган кезде анын кеңешчиси болгон). Экинчиден, анын талапкерлигин Кыргызстандын социал демократиялык партиясы (КСДП) көрсөтүүдө.
Бирок анын талапкерлигине бардыгы эле макул эмес. Нааразылыкка Мамытовдун өмүр таржымалы себеп болгон. Ал дээрлик өмүр бою күч органдарында иштеген, тагыраагы, Мамытов эмгек жолун 1980-жылы Ысык-Көл облусу боюнча Мамлекеттик коопсуздук комитетинин (МКК) башкармалыгынын кызматкери катары баштап, ал эми Кыргызстан Эгемендүүлүк алгандан кийин МККнын ордуна түзүлгөн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) иштөөгө өткөн.
Бул факт күч органдарына карата дооматтардан улам укук коргоочуларды кабатыр кылууда. Алар күч органдары өздөрү адам укуктарын сактабай кылмышка шектүүлөргө карата кыйноо колдонушат деп ойлошот. Мамытовго каршылардын негизги аргументи күч органынын кызматкери адам укуктарына байланыштуу көйгөйлөрдүн бардыгын түшүнбөйт жана маанилүү маселелерди көтөрүп чыга албайт деген жүйөө менен түзүлүүдө.
Ал эми Мамытов өзү күч органдарындагы тажрыйбасы акыйкатчынын ишинде, тескерисинче, кайрадан жакшы көрүнүш деп айтууда.
«Мен иштеген чалгындоо органдары жарандарды жана бүтүндөй мамлекетти коргоонүн үстүндө гана иштейт. [...] МККдагы ишим боюнча мен көптөгөн кылмыш иштерин алып баргам. Далилдерди чогултуп, сотторго катышып, ал жактардан сөз сүйлөп да чыкчумун», — деп билдирди ал.
Ошондой эле, ал эгер акыйкатчылыкка шайланбай калса кабатырланбасын кошумчалады: «Эгер ишеним көргөзүшсө, анда болгон күчүмдү жумшап, болгон тажрыйбамды колдонууга аракет кылам. Эгерде болбой калса, анда кабатырланбайм деле».
Акыркы жылдары Мамытов коопсуздукка жана адам укуктарына байланыштуу эмес кызматтарды ээлеп келген. Ал 2014-2015-жылдары «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын директору болгон, ал эми 2016-жылдын апрелинен тарта Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагалык кызматын аркалаган.
Башка талапкерлердин мүмкүнчүлүгү аз, бирок тажрыйбасы мол. Карасартова — белгилүү кырыгз укук коргоочусу. Бактыбеков — Башкы прокуратурада иштеп жүргөндө мыйзамдын сакталышын көзөмөлдөгөн. Момунов — акыйкатчынын аппаратын жетектеген. Азиз — тажрыйба топтоп жүргөн юрист (мисалы, «Ата Мекендин» кызыкчылыктарын коргогон).
Акыйкатчыга бийлик менен кайым айтышууга туура келет
Кыргызстанда акыйкатчыларга далай жолу бийликтегилер менен коом үчүн маанилүү маселелер боюнча кайым айтышууга туура келет.
Көбүнесе алар кеп принципиалдуу саясий маселелер жөнүндө болуп атканда бул кайым айтышта жеңилип калышат. Оторбаевдин учурунда Кыргызстан журналист Мурат Тунгишбаевди Казакстанга өткөрүп берген. Аманбаевдин учурунда кылмыш жасалгандыгы тууралуу жалган маалымат таратуу үчүн жаза жөнүндө мыйзамга кол коюлган. Акундун учурунда укук коргоочу Азимжан Аскаров өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал эми Бакир уулунун учурунда Кыргызстан беш качкынды Өзбекстанга өткөрүп берген.
Кыргызстан бир нече эл аралык конвенцияга кол коюп, аны ратификациялаганына карабастан, бийлик дайыма эле талап кылынган жоболорду аткара бербейт.
Мисалы, Кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз жазалоого каршы конвенция көп деле аткарыла бербейт.
Натыйжада акыйкатчы өлкөнүн башкы укук коргоочусу катары өз жумушунун маанилүүлүгүнө карабастан, дайыма эле Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышына таасир эте албайт.
Авторлошу: Камилла Халилова