ЖАК кыргыз окумуштууларынын диссертацияларын калыптандырууну убада кылды

Жогорку аттестациялык комиссиянын (ЖАК) төрайымы Бакыт Тыналиева убадалагандай, кыргыз окумуштууларынын диссертациялары сакталган базаны ноябрда, илимий иштерди көчүрүп алуудан коргогондон кийин ачылат.

ЖАКтын башчысы Бакыт Тыналиева илимий иштердин маалымат базасы адистер кыргыз окумуштууларынын ишин көчүрүп алуудан коргошкондон кийин жеткиликтүү болоорун «Клооптун» кабарчысына курган маегинде айтты.

«Азыр маалымат [диссертациялардын] базасынын үстүнөн профилактика иштерин жүргүзүп атабыз. Аны көчүрүүдөн коргошубуз керек. Анткени биз “Диссернеттин” отчётун көргөндөн кийин биздин эле диссертациялардан, биздин маалымат базадан көчүрүп алып жатышкан болуп чыкты. Бул профилактика иштери бүтөөрү менен, мен убада кылам, ноябрда биз маалымат базасын ачабыз жана ал кайрадан ачык-айкын болуп калат», — деди ал.

Тыналиева ЖАК илимий иштерди көчүрүп алуудан кантип коргогону жатканы тууралуу түшүндүргөн жок.

Ал ЖАК өз сайтында диссертацияларды кароо мүмкүнчүлүгүн жапкандан кийин үч ай өтүп билдирүү жасап отурат. Бул июнь айынын башында болгон. Дал ошол мезгилде Орусиянын «Диссернет» уюму кыргыз окумуштууларынын иштериндеги плагиат жөнүндө отчётторду жарыялай баштаган.

Тыналиеванын билдирүүсүнө чейин КСДПнын депутаты Дастан Бекешев парламенттин жыйынында диссертациялык иштердин архивин ачууну сунуштаган.

«Мамлекеттин эсебинен аткарылган илимий изилдөөлөрдү ачуу керек. Көптөгөн иштер мамлекеттин эсебинен жасалган. [...] ЖАК азыр диссертацияларды ачпай жатат, конкреттүү юридикалык негиздер да жок», — деди Бекешев «Клооптун» кабарчысына курган маегинде.

Илимий даражадан ажыратууга үч жыл

Бекешев ошондой эле, илимий даражалардан ажыратуу боюнча эскирүү мөөнөтүн жокко чыгарууну сунуштоодо. Азыр илимий даражадан же наамдан ажыратуу тууралуу арыз менен ЖАКка үч жылдын ичинде гана кайрылса болот.

«Бүгүн, диссертацияда эгер плагиат үч жыл өткөн соң табылса, анда эч нерсе кыла албай каласың. Бул туура эмес. Өкмөттүн токтомуна өзгөртүү киргизип, аталган жобону алып салыш керек», — деди ал.

Ал эми Тыналиева өзү «Клоопко» курган маегинде ЖАК бул жобону алмаштырыш үчүн өкмөткө эки жолу кайрылганын, бирок бул ишке ашпаганын билдирди.

«Азыр биздин долбоор министрликтер макулдашуу үчүн өкмөттүн кароосунда үчүнчү жолу жатат. Биз эскирүү мөөнөтүн алып салууну суранып жатабыз. [...] Эгер аны  алып салышса, анда биз ар бир арызды ар кандай мөөнөттө карап калабыз», — деди ал.

«Клооптун» журналисттери Орусиянын «Диссернет» уюму менен биргеликте 2018-жылдын май айынын аягынан тарта кыргыз окумуштуулары менен саясатчыларынын ишиндеги плагиат тууралуу бир катар маалыматтарды чыгарган.

Анын ичинен мурдагы вице-мэр Эркинбек Исаковдун иши эң эле чуулгандуу болуп калган. «Диссернет» Исаковдун ишинен плагиат тапкандан кийин аткаминер ЖАКка окумуштуу даражасынан ажыратуу боюнча арыз жазган.

Андан тышкары, «Диссернет» парламенттин депутаты Акылбек Жапаровдун илимий ишинен да плагиат тапкан. Бирок парламентарий диссертациясын көчүргөн эместигин билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА: