Башкы прокуратура Конституциялык палатанын чечими боюнча президенттин бир ооз макулдугу жок өлкө башчысынын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо боюнча кылмыш иштерин козгой албайт.

Конституциялык палатанын пикири боюнча, Башкы прокуратура президентти коргоо жана келтирилген зыяндын өлчөмүн эсептеп чыгып, өз ыктыяры менен кылмыш иштерин козгой ала тургандыгы «мыйзамдын жана соттун алдында бардыгы бирдей деген конституциялык принципке дал келбейт».

Эми, эгерде президенттин ар-намысы менен кадыр-баркын коргоо боюнча кылмыш иши өлкө башчысынын бир ооз макулдугу жок козголо турган болсо, анда ал конституцияга каршы же антиконституциялык болуп калат.

Президент кылмыш ишине макулдук гана бербестен, моралдык зыяндын суммасын да аныкташы керек, эгер зыян тийгизилген болсо.

Конституциялык палата өкмөткө «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү демилгеп чыгууну сунуштады.

Президенттин кадыр-баркы

Президенттин ар-намысн коргоо боюнча акыркы демилгелердин бири дизайнер Никита Трасенконун прокуратурага чакырылышы болгон. Тарсенкого, тагыраагы өлкө башчысы  Сооронбай Жээнбековго карата дизайнердин жасаган мемине интернет колдонуучулардын бири арызданып, ошондон кийин дизайнер прокуратурага чакырылып, андан түшүнүк кат жазып кетүүнү суранышкан.

Президенттин басма сөз кызматынын башчысы өлкө башчысынын ар-намысы менен кадыр-баркынын ушинтип корголушун «жагымсыз сюрприз» деп атап, Тарасенконун мемдери Жээнбековдун күлкүсүн келтиргенин билдирген.

Ага карабастан Жээнбеков ЖМКга жана журналистке каршы арыз берип, ага өзү катышкан учур да болгон. Ал «24.kg» жана Кабай Карабековго каршы арызды президенттикке талапкер болуп турган кезде жазган.

Сот Карабековдун «24.kg» сайтындагы «Сочиге сапар. Кремлге мураскер эмнеси менен жакшы экенин кайрадан түшүндүрүшөбү?» деген макаласын чындыкка коошпойт деп тааныган. Басылма менен журналист президентке 5 млн сомдон моралдык зыян төлөп бериши керек болчу.

Ошондон кийин «24.kg» өлкө башчысынын алдында кечирим суроого жана Карабековдун макаласын өчүрүп салууга аргасыз болгон.

Ал эми Жээнбеков 2018-жылы февралда басылмадан беш млн сом төлөтүүдөн жана кийинчерээк апрелде журналист Кабай Карабековго койгон дооматынан баш тарткан.

2018-жылы жайында экс-президент Алмазбек Атамбаев да «Заноза» басылмасынын түзүүчүлөрү жана укук коргоочу Чолпон Жакуповага койгон 30 млн сомдук компенсациядан баш тарткан.

Атамбаевдин басма сөз кызматы ал материалдык дооматтардан «Медиа Полиси Институ» укук коргоо уюмунун башчысы Бегайым Үсөнова менен Кыргызстандагы «Интерньюс» өкүлчүлүгүн директору Элина Каракулованын өтүнүчү боюнча баш тартканын ырастаган. Маалыматка ылайык, алар Атамбаевге ЖМКлар факттарды текшерүү боюнча өз жумуштарын жакшыртышты деп билдирип кайрылышкан.

Андан тышкары, Атамбаев «Заноза» басылмасынын өзүнө койгон 15 млн сомдук компенсациядан да баш тарткан. Мунун бардыгы анын президент Сооронбай Жээнбеков менен араздашуусунун жана өз таасиринин төмөндөп кетишинин шартында болгон.