Президенттикке мурдагы талапкер Улукбек Кочкоров Эмгек жана соцөнүгүү министри болуп дайындалды. Эми УКМКнын мурдагы кызматкери бир катар чуудан улам башчысыз калган министрликти жетектей баштайт.
Кочкоровдун талапкерлигин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштап, аны парламенттин депутаттары колдоп беришкен. Ал үчүн 105 эл өкүлү добуш берген. Ал эми добуш берүүдөн кийин үч саат өткөн соң президент Сооронбай Жээнбеков Кочкоровду Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлик кызматына дайындоо боюнча жарлыкка кол койду.
Кочкоров Соцөнүгүү министрлигинин башчылык кызматына диппаспортторду колдонууга жана анын орун басарынын учак бортундагы жоругуна байланыштуу чуудан улам отставкага кеткен Таалайгүл Исакунованын ордуна келди.
Исакунова жана анын орун басарлары кызматтарынан бошотулуп же отставкага кетишкенден кийин министрлик 11-октябрдан тарта, министрдин милдеттерин аткарууга мекеменин статс-катчысы Каныбек Адиев дайындалганга чейин беш күн жетекчисиз иштеген.
Улукбек Кочкоров деген ким?
Экс-депутат Улукбек Кочкоров 2017-жылы шайлоодо Кыргызстандын президенттигине ат салышкан. Анда, баарыбызга белгилүү болгондой эле, Сооронбай Жээнбеков жеңип чыккан.
Шайлоого катышуу үчүн Кочкоров дээрлик үч жарым миллион сом короткону менен ал үчүн 8300дөн бир аз көбүрөөк шайлоочу добуш берген. Шайлоодон кийин саясатчы талапкерлер үчүн бирдей шарт түзүлбөгөн, ал эми административдик ресурс колдонуу үчүн эч ким жоопкерчилик тарткан эмес деп айткан.
Кочкоров «Жаңы доор» партиясын жетектейт, ошондой эле, «Ата-Журт» партиясынан V чакырылыштын депутаты болгон. Андан тышкары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) жана Мамлекеттик салык кызматында иштеген жана полковник наамы бар.
Кочкоров 2013-жылы депутат болуп турган кезинде орус тилдүү журналисттер анын сөздөрүн ыктамал бурмалап атышканына нааразы болуп, парламентке кыргыз тилинде гана сүйлөгөн журналистерди киргизүүнү сунуштаган. Ошол эле жылы Кочкоров «Кыргызгаздын» Орусиянын «Газпромуна» 1 долларга сатылышына каршы чыккан (кыргыз компаниясынын 50 млн доллар карызы бар болчу).
2013-жылы январда коомдук тармактарга Кочкоровдун Баткендеги шайчоолулары менен жолугушкан видеосу таркап кеткен. Видеодо ал ыктамал Кыргызстандын жана Өзбекстандын (ал кезде Атамбаев жана Ислам Каримов) президенттери тууралуу жана чек ара меселелери жөнүндө сүйлөшкөн. Натыйжада саясатчы төгүндөө чыгарууга жана жолугушуунун видеосу кыргыздар менен өзбектердин ортосунда бүлүк салууну каалагандар тарабынан монтаждалганын түшүндүрүүгө аргасыз болгон.
Соцөнүгүү министрлигиндеги чуу
Кочкоров Соцөнүгүү министрлигине келгенге чейин ведомстводо кадрдык дүрбөлөң болгон. Мекемени 2013-жылдан бери башкарган Таалайгүл Исакунова, Башкы прокуратура министрликтин жетекчилиги диппаспортторду жеке максатта колдонгонун тастыктагандан кийин отставкага кеткен.
Соцөнүгүү министрлигинин жалпы жетекчилигинин бошотулушуна алып келген чуу сентябрдын башында Сеулда башталган. Анда министрдин орун басары Зууракан Каденова мас абала болгондугу үчүн аба каттамынан алынган.
Ал кызматынан алынганы менен ызы-чуу ошону менен эле токтоп калган эмес. Депутат Аида Касымалиева министрликтин башчыларынын сапарлары жөнүндө маалымат чогултуп, Башкы прокуратурадан маалыматты текшерүүнү суранган. Текшерүү министрдин жана анын эки орун басары Лунара Мамытова менен Жылдыз Полотованын отставкага кетишине алып келген.
Андан тышкары, Сеулдагы чуу Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан менен Тышкы иштер министринин башчысы Эрлан Абдылдаевдин кызматтан кетишинин себептеринин бири болгон.
Тышкы иштер министрлиги Коопсуздук кеңештен элчинин ишмердигин текшерүүнү суранган. Натыйжада кеңеш Султандын ишинен жана ТИМдин өзүндө эреже бузууларды аныктаган. Анын жыйынтыгы Султан жана ТИМдин башчысы Абдылдаевдин отставкасына алып келген.