Эмгек министринин милдетин Каныбек Адиев аткарат

Эмгек жана соцөнүгүү министрлигинин жетекчилеринин бардыгы бошотулулуп же отставкага кеткенден кийин министрдин милдеттерин мекеменин статс-катчысы Каныбек Адиев аткармай болду.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Эмгек жана соцөнүгүү министринин милдетин аткаруу ведомствонун статс-катчысы Каныбек Адиевге жүктөлдү. Министрлик 11-октябрда Таалайгүл Исакунова отставкага кеткенден кийин жетекчисиз калган.

Буга чейин Адиев Соцөнүгүү министрлигинде ар кандай кызматтарды аркалап, көп убакыттан бери Ошто иштеген. Ошондой эле, ал улгайган адамдар үчүн Төмөнкү Серафимовск үй-интернатынын жана Токмоктогу психоневрологиялык мекеменин директору болгон.

Адиевдин жетекчилилеринин бардыгы Сеулдагы чуудан кийин бошотулган же отставкага кеткен. Чууга сентябрдын аягында Түштүк Кореянын борборунда аба каттамынан алынган Соцөнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденованын мастыгы себеп болгон. Кийин ал өкмөт башчынын буйругу менен кызматтан алынган.

Бул окуядан кийин Башкы прокуратура Соцөнүгүү министрликтин жетекчилигинин чет элдик сапарларын текшерип, министр жана министрдин орун басарлары диппаспортторду өздөрүнүн жеке сапарларында колдонушканын аныктаган. Ал эми диппаспортту жеке максатта колдонууга тыюу салынган.

Министр Таалайгүл Исакунова жана анын орун басары Лунара Мамытова 11-октябрда, ал эми мекеменин жетекчисинин башка орун басары Жылдыз Полотова 13-октябрда отставкага кеткен.