Коллаж үчүн сүрөт: Бектур Искендер; Freepik

«Клооптун» тең түзүүчүсү Бектур Искендердин көпчүлүк кызматкерлердин кыжырына тийген, бирок керектүү бир адаты бар. Ал кеңсеге келип, «Клооптун» редакторлору менен авторлорунун кароосуз калган компьютерлерине отуруп алып, алардын атынан коомдук тармактарга ар кандай сандырак сөздөрдү жазып чыгара берет.

Мисалы:

Бектурдун тузагына «Клооптун» журналисттеринин бири Метин Жумагуловдун

аккаунту түшкөн. Албетте, ал эч кандай жөргөмүштүн торун жебейт.

Бул жөнөкөй гана тентектик көрүнгөнү менен чоң маанигэ ээ: Бектур ошентип «Клооптун» кызматкерлерин коомдук тармактардагы аккаунттарын ачык таштап кетүү жоруктарын таштаткысы келет. Анткени аларда жеке маалыматтар көп болушу ыктымал: банк карталырынын маалыматтарынан жана маанилүү сүйлөшүүлөрдөн баштап, интимдик кат алмашуулар менен бүтүп.

Бактыга жараша биздин жагдайда ал лентага тентектик постторду жайгаштыруу менен гана чектелет.

Жогоруда аталган маалыматтардын бардыгы силерди коркутуп-үркүтүп, опузалап же жөн гана акчаңарды уурдап кете алчу арам ойлуулардын колуна түшүп калышы мүмкүн.

Өзүңдү коомдук тармактарда кантип максималдуу түрдө коопсуздандыруу керек? Келгиле варианттарды бирге карап көрөлү.

Түзмөгүңөрдү кароосуз калтырбагыла

Бул баарына белгилүү жана жөнөкөй эле кеңеш. Бирок ал жөнүндө жада калса кээде иликтөөчү журналисттер да унутуп коюшат (негизинен алар иш кибер коопсуздукка байланыштуу болгондо кезде өтө эле этият болушат):

«Салам. Мен Ильямын, мен ноутбугумду жумушта ачык калтырып кеткем, ошондуктан

адамдар акылсыз каттарды жаза алышат. Мен Аббанын, Канье Уэсттин жана Алла

Пугачёванын ырларын жакшы көрөм. Сакалымды кырып салгым келип атат. Мышыктар

менен кичинекей иттер үчүн жакшыраак көрүнгүм келет», — ушундай пост жакында эле

Коррупция жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө боюнча долбоордун редактору Илья

Лозовскийдин лентасында жарык көргөн.

Үйдөн тышкары ар бир жерде, түзмөгүңөрдү калтырып кетүү алдында аны бөгөттөп (ред. — орусча блокировка) койгула (эң жакшысы аны колдон чыгарбаганыңар оң).

Ал эми смартфондордун бетин бөгөттөп койгон жетиштүү. Эгер сизде аны бөгөттөн чыгаруунун (сыр сөз, графикалык ачкыч, манжлардын тактары же Face Id менен) коргоосу жок болсо, анда аны токтосуз коюп алганыңыз жакшы. Түзмөктү колдоноор сайын өздүгүңүздү тастыктоо муктаждыгы көнүп алгандан кийин тажатпай деле калат, а бирок сиз өзүңүздү жана дайыма кат жазышкан адамдарыңызды жакшы коргоп алган болосуз.

Компьютерлерди деле бөгөттөө оңой. Эгер сиз Windows колдонсоңуз, анда жөн гана бир эле учурда Win (бул Ctrl жана Altттын ортосундагы баскыч) жана L клавишасын басыңыз. Ал эми Appleдин компьютерин бөгөттөө үчүн Fn+Ctrl+Shift+Power (өчүрүү баскычы) клавишаларынын топтомун басыңыз.

Windows

Win+L

MacOS

Fn+Ctrl+Shift+Power

Кош факторлуу аутентификация коюңуз

Ар бир ири коомдук тармак же почталык сервис аталган функцияны сунуштайт. Кош факторлуу аутентификацияны күйгүзгөн соң, сиз аккаунтка дал өзүңүз кирип аткандыгыңызды эки жолу басып тастыкташыңыз керектелет.

Ал кандай иштейт? Сиз аккаунтуңузга кирчү сыр сөз менен купуя белгини (ред. — орусча логин жана пароль) терген сайын телефонго аккаунтка дал өзүңүз кирүүгө аракет кылып аткаңыздыгы тастыктоо өтүнүчү менен билдирме келип турат.

Бул тез проццес болуп сезилбегенине карабастан, кош факторлуу аутентификация аккаунтту бузуп кирүүдөн коргоонун эң мыкты ыкмаларынын бири катары табылган. Жада калса, эгер арам ойлуулар сиздин аккаунттун сыр сөзү менен купуя белгисин билген күндө да, алар сиздин телефонго ээ болуп алмайынча аккаунтуңузга кире алышпайт.

Кош факторлуу аутентификацияны кантип түзөтүү керек?

Google

Instagram

Facebook

Эгер кош факторлуу аутентификация сиздин телефон номериңиз аркылуу түзөтүлгөн болсо, анда этият болушуңуз абзел. Анткени сиздин номерди алуу мүмкүнчүлүгү байланыш оператолорунда жана анын үстүндө турган маморгандарда бар (эгер сиздин сим карта мыйзам талабына ылайык паспорт боюнча катталган болсо).

Татаал купуя белги

Адамдардын көпчүлүгү ар башка коомдук тармактардагы бир нече аккаунтарга кирүү үчүн окшош сыр сөз менен купуя белгини колдонушат. Ошентип, арам ойлуулар бир аккаунтту бузуп кирүү менен дароо эле сизге бир нече коомдук тармактар менен сервистерде зыян тийгизип коюшат.

Аны алдын алуу үчүн ар башка сервистерге ар түрдүү жана татаал сыр сөздөрдү ойлоп таап орнотууга аракеттениңиз. Андан тышкары, маал-маалы менен аларды алмаштырып туруу зарыл.

Кибер коопсуздук боюнча адистер сыр сөз ойлоп табууда алмаштыруу схемасын колдонууну кеңеш кылышат. Бир сөздө тамгаларды, сандарды жана белгилерди аралаштырып көрүңүз. Ошондо гана сиздин сыр сөз бузуп кирүү үчүн кыйла эле татаал болуп калат. Мисалы, gameofthrones деген сөздү мындайча жазса болот: g@m3ofthr0ne$.

Ушундай сыяктуу бир нече сыр сөздү жаттап калуу оңой эмес. Ал үчүн атайын сыр сөз менежерлерин колдонсо болот. Мисалы, Lastpass (Android | iOS) же 1password (Android | iOS).

Бул программалар атайын сыр сөз сактагычтын ролун аткарат. Аларды сиз ар кандай сервистер менен сайттар үчүн сыр сөздөрүңүздү сактап, андан кийин колдонмонун өзүнө кирүү үчүн жалгыз бир (бирок ал сөзсүз түрдө таатаал болушу зарыл) сыр сөз ойлоп таап, жаттап алсаңыз болот.

Эч качан сыр сөздөрдү кагазга жазып, аларды корголбогон тексттик документтерге сактабаңыз.

Дагы эмнелерге көңүл буруу керек?

Коомдук тармактардагы аккаунтарыңызды дагы кантип коопсуздандырса болот?

• Достукка кошулуу үчүн билдирме жөнөткөндөрдүн профилин дыкат карап, өзүңөргө сак болгула. Айрым аккаунтар спам же вирусу бар каттарды жөнөтүш үчүн атайылап эле арам ойлуулар тарабынан ачылат.

• Аккаунтуңуздун приваттуулугун түзөтүп алыңыз. Чынында эле фейсбукта сизге жеке жашооңуз жөнүндө маалыматты көрсөтүү керекпи же жокпу? Бул сизге жаңы тааныштарды табууга жардам бериши мүмкүн, бирок ал маалыматка арам ойлуулар ээлик кылып алып колдонушу мүмкүн. Барагыңызды өзүңүз тууралуу маалыматты айрым гана колдонуучулар көрө алгыдай кылып түзөтүп алыңыз.

• Электрондук почтага же аккаунттагы купуяга жада калса сиз жакшы тааныган адамдардан шилтемелери менен кошо келген каттарга да көңүл бургула. Эгер шилтеме шектүү көрүнсө, анда ресуртун чыныгы дарегин шилтемеде тургандагымы менен салыштырып көрүңүз. Эгер кандайдыр бир faccbookкка жетелесе, анда аны ачпаңыз.

• Google же Facebook аккаунтуңуз аркылуу кирген колдонмолордун тизмегин текшериңиз. Алардын арасынан кереги жок болуп калган колдонмолордон чыгып салыңыз.

• Коомдук тармакка автоматтык түрдө кирүү функциясын колдонбоңуз. Эгер сиздин компьютерге кимдир бирөө отуруп калса, анда ал аккаунтуңузга сыр сөз менен купуя белгини кайрадан терип отурбастан эле кире алат.

• Жеке маалыматтарыңызга кирүү мүмкүнчүлүгүн талап кылган фейсбуктагы (же башка коомдук тармактардагы) тесттерден же оюндардан абайлаңыз.

Автору: Улан Асеков

Редакторлору: Рустам Халимов, Дмитрий Мотинов

ТЕМА БОЮНЧА: