Иллюстрация: Алина Печенкина Kloop.kg үчүн

Атайын кызмат «Самара» сайты боюнча өз иликтөөсүн жүргүзбөгөнүн расмий билдирди. УКМК бир жыл аралыгында иликтөө жүргүзүп атканын жана анын жыйынтыктарын жакын арада журналисттерге өткөрүп берээрине ишендирген.

«Самара» — бул 2017-жылдагы президенттик шайлоо маалында шайлоочуларды каттаган жеке система. Ал Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) өкмөттүк серверинде жайгашып турган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз катчысы Рахат Сулайманов атайын кызмат «Мамлекеттик каттоо кызматынын ишин кайталабаш үчүн» эч качан өз иликтөөсүн жүргүзбөгөнүн «Клоопко» билдирди.

Анын айтымында, УКМК Мамлекеттик каттоо кызматынын ички иликтөөсүн текшерип, ал «адилеттүү» өткөрүлгөн деп чечкен.

МКК «Клооптун» «Самара» боюнча материалы чыгаары менен дароо эле өз иликтөөсүн жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында мекеме «өз серверинин ишинде кандайдыр бир тышкы таасирдин изин таппаганын» билдирген.

«Биз бардык материалдары текшергенбиз. МКК иликтөөнү адилеттүү жүргүзгөнү аныкталган. Ошондуктан биз [өз] иликтөөбүздү жүргүзгөн жокпуз», — деди Сулайманов.

УКМКнын «Самара» боюнча иликтөөсү тууралуу биринчи жолу 2017-жылы ноябрда Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстандын президенти катары акыркы басма сөз жыйынында белгилүү болгон.

Ал учурда атайын кызмат «Клоопко» курган маегинде Атамбаевдин айткандары боюнча иликтөө жүрүп атканын тастыктап, ал эми 2017-жылы декабрдын ортосунда «Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири жана иликтөөнүн авторлошу Ринат Тухватшинди иликтөө боюнча УКМКга күбө катары чакырышкан.

Ошондон кийин УКМК 2018-жылдын ноябрына чейин журналисттердин иликтөө качан жыйынтыкталат деген суроолоруна ал дагы деле жүрүп атат деп жооп берип келген.

«Клооптун» редакциясы «Самара» боюнча иликтөөсүн 2017-жылы 26-октябрда, Сооронбай Жээнбеков жеңип чыккан президенттик шайлоодон кийин эки аптага жетпеген убакытта жарыялаган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө журналисттер шайлоого чейин бир айдын аралыгында samara.kg сайты МККнын өкмөттүк серверинде жайгашып, шайлоочулардын жеке маалыматтарын камтыганын далилдешкен: ИНН, Аты-жөнү жана паспорттордун номерлери.

Муну «Самаранын» доменинин түзөтүүлөрүнүн тарыхы тастыктайт, ал эми «интернет легендасы» Пол Викси кийинчерээк сайттын МККнын серверинде жайгашканы «шексиз» экенин айткан.