ЖЭБди жаңыртуу: Башкы прокуратура Исаков, Сатыбалдиев жана Артыкбаевге каршы иштерди сотко жөнөттү

Бишкек ЖЭБи. Сүрөт: Kloop.kg үчүн тарткан Даниль Усманов

Башкы көзөмөл органы мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиевге, андан тышкары, депутат Осмонбек Артыкбаевге каршы коррупция боюнча тагылган айыптарды негиздүү деп атады. Материалдар сотко жөнөтүлдү. Саясатчылардын иштери Бишкек ЖЭБди жаңыртууга байланыштуу.

Башкы прокуратура билдиргендей, экс-премьерлер Исаков жана Сатыбалдиевге, андан тышкары парламентарий Артыкбаеге каршы тагылган айыптар «иште көрсөтүлгөн далилдер» менен тастыкталган.

Мындан тышкары, Улуттук энергохолдингдин экс-башчысы Айбек Калиев, «Электр Станциялардын» мурдагы башчысы Жолдошбек Назаров жана ЖЭБди жаңыртуу боюнча башкаруу топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов да ЖЭБди жаңыртуу иши боюнча айыпталуучулу катары өтүшүүдө.

Тергөө 8-январда Бишкек ЖЭБДи жаңыртууда мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 111 млн доллардан ашуун каражатты түзгөнүн жарыялаган.

11-февралда Башкы прокуратура айыпталуучулардын кылмыш иштеринин материалдарын Бишкектин Свердлов райондук сотуна өткөрүп берген.

Исаковго ЖЭБдеги коррупция иши боюнча айып тагылган. Ал алдын ала көмүскө бүтүм түзүп, мамлекетке олуттуу материалдык зыян тийгизгени үчүн 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

2018-жылдын январында ЖЭБде болгон авариядан кийин укук коргоо органдары аны жаңыртууга кеткен чыгымдарга көңүл буруп башташкан. Авариядан кийин Бишкектин тургундары бир нече күн жылытуусу жок калышкан, андан кийин суу менен жарык да өчкөн.

2018-жылдын майында депутаттык комиссиянын чыгарган тыянагы боюнча, Бишкек ЖЭБдин жаңыртуусуна багытталган $386 млн акча ашыкча жогорулатылган. Ал эми жаңыртуу иштерин алып барган Кытай компаниясы сарпталган акчалар боюнча деталдуу отчетторду берген эмес.