2019-жылдын башында Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтүнө даректелген парламенттин сын пикирлери күч алды. Акыркылардан: КСДП фракциясы өкмөттүн инвестициялар боюнча 2018-жылга карата отчётун жактырган жок. Бул Абылгазиевдин өкмөтү отставкага кетирилиши мүмкүн дегенди айгинелейби? Өкмөттүн отставкасы президент Сооронбай Жээнбековдун колдоосун табабы же жокпу?

Өкмөттүн отставкага кетиши ыктымалдыгы тууралуу маалыматтар кыргыз тилдүү ЖМКларда барган сайын көбөйүп жатат. Өткөн жылы Сапар Исаковдун өкмөтүн таркатуу тууралуу кабарлар премьер-министрдин кызматтан кетүүсү жана министрлер кабинетинин отставкасы менен аяктаган.

Исаков өз кызматынан 2018-жылы апрелде кеткен. Ал «Хуавей» жана «Лигласс» компаниялары менен оңунан чыкпаган келишимдер, «Акылдуу шаардын» ишке киришин кечеңдетүү, кадр саясаты жана Бишкек ЖЭБдеги авария үчүн сынга алынган.

Абылгазиевдин өкмөтүнө карата да сындар жетиштүү. Анын муздак сууга болгон тарифтерди көтөрүү, накталай эмес акча төлөмдөр үчүн сатуудан түшкөн салыкты 2 пайыздан 5 пайызга чейин көтөрүү же Кыргызстанга ташылып келүүчү мобилдик телефондорго болгон алымды 100 сом деп бекитүү демилгелери айыптоо жана сындоо толкундарына алып келди.

2019-жылдын январынан тарта саламаттык сактоо үчүн кымбат баалуу жиптер менен милиционерлер кылган кылмыштарды териштирүүлөрдүн шартында Абылгазиевдин командасынын дарегине сын-пикирлер жаай баштады. Бул учурдагы өкмөттү отставкага кетирип коюулаары мүмкүнбү же жокпу дегенди билдирбейби?

Депутаттар эмне дейт?

Абылгазиевдин өкмөтүнүн иши жана анын отставка кетиши ыктымалдыгы жөнүндө парламентарийлердин ойлору ар башкача. Сурамжыланган депутаттардын арасында КСДП фракциясындагы Ирина Карамушкина гана отставка сөзсүз болот десе, калгандары өкмөттү сынга алышса да анын отставкасы жакындап калды деп эсептешпейт.

Абылгазиевдин өкмөтү парламентте

Дастан Бекешев, КСДП

«Биз өкмөттүн отставкасы министрлердин кетишине гана алып келгидей Европа эмеспиз. Бизде кыргызча отставка: ал башкармалыктардын начальниктерин, катардагы кызматкерлерди, атүгүл пол жуугучтарды да кеме сыртына ыргытып коёт. Жаңы келгендер биринчи кезекте өз адамдарын жумуш менен камсыздоо үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү издешет: классташтарын, туугандарын, досторун, досторунун досторун жана башкаларды. Андан кийин гана жумуш башталат. Жаңы эле иштеп баштасаң — кайрадан остставка. Өлкө үчүн бул өтө жаман».

Бахадыр Сулейманов, «Ата-Мекен»

«Жаңы өкмөт түзүшкөндөн бери бир жыл өттү, бирок ал өз жумушунун натыйжалуулугун көрсөткөн жок. Албетте, ошон үчүн сын күч алды. Өкмөт алсыз, өзүнүн программасын аткара албайт [...] [Өкмөттүн] отчётун күтүп туруш керек, ошондон кийин айкын болот. Отчётту күтпөстөн эле кантип отставка кетирүү мүмкүн? Азыр аларга тийбеш керек. Алар жазында келип, өздөрүнүн программалары боюнча 2018-жылга карата отчётун беришсин. [...] Ошондо [белгилүү болот]».

Мирлан Бакиров, парламенттин вице-спикери, «Өнүгүү-Прогресс»

«Парламент тараптан дайыма сын айтылат. Бул нерсе сындын артынан эле сөзсүз өкмөттүн отставкасы коштолот дегенди билдире бербейт. Министрлер кабинетинин тез-тезден алмашуусу — бул экономикада жана социалдык блокто туруксуздукка алып келген начар көрүнүш».

Ирина Карамушкина, КСДП

«Тилекке каршы, бүгүнкү күндө бардыгы отставканын болушуна алып баратат. Анткени өкмөт кыймылсыз, [аны президент жана анын аппараты башкарып турат], ал өз алдынча эмес. Аны дайыма премьер-министрлер, вице-премьер-министрлер менен башкарып турушат.

[...] Мен өкмөт алмашат го деп эсептейм. Бирок эгер кийинки өкмөт да президенттик аппараттан жана Жогорку Кеңештен көз каранды болсо, эгер ал жакта тайманбаган жана чечкиндүү министрлер болбосо [...], биз бири-бирибизди тымызын колдоп, кызматка дудуктарды жана бардыгы менен макул боло бергендерди тандай беребиз».

Мирлан Жээнчороев, «Республика — Ата-Журт»

«[Абылгазиевдин] өкмөтү бир дагы реформаны көрсөтө алган жок, ал [Исаковдун] кеткен өкмөтүнүн [чечимдеринин] техникалык аткаруучусу болуп калды. Көрүнүктүү реформа болгон жок. [...]

Эгер азыркы өкмөт реформаларга, чечимдерди кабыл алууга жана инновацияларга карата бир аз мобилдүүрөөк болбосо, анда ал кетиши керек. Азыр премьер-министр пикирлештер командасынын түптөлүшү үчүн чара көрүшү керек. Эгер ал отставканы каалабаса, анда экономикалык саясат боюнча бир аз коммуникативдүү жана мобилдүү аракеттерди кабыл алышы керек. Азыр фискалдык тармакта да, инвесторлор үчүн жагымдуулук [түзүү үчүн] да реформа жок. Ири өнөр жай объекттери кыймылсыз турат, “Кумтөр” менен сүйлөшүүлөр козголбой турат».

КСДПдагы Ирина Карамушкина өкмөттүн отставкасы сөзсүз болот деп эсептейт

Саясат таануучулар эмне дейт?

Саясат таануучу Зайнидин Курмановдун пикири боюнча, Абылгазиевдин өкмөтүнүн оставкага кетиши ыктымалдыгы тууралуу кептер «олуттуу эмес». Ал учурда өкмөттүн ишин турукташтыруу зарыл, ал эми аны оставкага кетирүү — бул туура эмес чечим деп эсептейт.

«Эгер өкмөт туруктуу иштеп, анын эки-үч жылы болсо, анда [андан] сураса болот. Жарым жыл иштеген өкмөттөн эмнени суроого болот?», — деп суроо салат Курманов.

Анын айтымында, Европа жана демократиясы өнүккөн өлкөлөр «өкмөттүн туруктуулугуна» умтулушат — бул үчүн ал жакта үстөмдүк кылган партиясы бар парламентти түзүшөт же болбосо эки партиялуу система менен иштешет. Ал эми кыргыз парламентинин системасы көп партиялуу жана «мыкты деле эмес».

«Парламент менен өкмөт ишинин дизайнын иреттөөдө бул факторлорду эске алыш керек. Бизде алар эске алынбай калды, жыйынтыгында өкмөт — бул системадагы эң эле алсыз жана туруксуз орган», — деп кошумчалады Курманов.

Ал эми саясат таануучу Медет Түлөгөнов Абылгазиевдин өкмөтүнүн отставкага кетиши ыктымалдыгын «унутпашыбыз керек» деп ойлойт, анткени министрлер кабинетин таркатылып кетиши жөнүндө ойлор «көптөн бери эле айтылып келет».

«Өткөн жыл ичинде кандайдыр бир олуттуу жана керектүү реформалар болгон эмес. “Коопсуз шаар” менен бир аз жылыштар бар, бирок мунун [долбоордун] ичинен көпчүлүк бөлүгү азыркы өкмөткө чейин түптөлгөндүгү түшүнүктүү да», — деди Түлөгөнов.

Саясат таануучунун божомолу боюнча өкмөттү отставка кетирүү маселеси күзгө жылдырылышы мүмкүн, анткени бийлик Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон жазгы сапарына, анын ичинде ШКУнун июнда өтө турчу саммитине даярдык көрүүдө.

Сооронбай Жээнбеков менен Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте

Жээнбеков колдойбу же жокпу?

Түлөгөновдун пикирине ылайык, эгер парламент Абылгазиевдин өкмөтүн кетирүү үчүн добуш берсе, анда өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин тарабын карманып калат.

Саясат таануучу депутаттардын учурдагы парламенттин дарегине карата сындарын «негиздүү» деп атоодо: Жээнбековдун мураскери жана анын командасы, саясат таануучунун пикири боюнча, «өз моюндарына артылган милдеттерди аткара албай жатышат».

Түлөгөнов эскерткендей, эгер Жээнбеков Абылгазиевдин тарабына өтсө, анда бул «саясий кризиске айланышы мүмкүн» жана мындай шартта парламент өзүнүн таркашы тууралуу жарыялайт.

«Баары бизде үй-бүлөлүк-тууганчыл-достук байланышынын системасы өсүп келе жатканын эстей башташат. Президент досун жаап-жашырып жатат [деген ой пайда болот] [...] Ошентип ал өзү билбестен эле парламантке келе алчу жакшы оппозицияны өстүрүп алуу тобокелдигин жаратып алат. Абылгазиев ушуга татыйбы?» — деп айтты Түлөгөнов.