Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын майорун 600 доллар пара алып жаткан жеринен кармашты. Аны менен кошо эки шериги да кармалган. Милиционер баңгизатты жашыруун таштап коюу жолу менен опузалап акча алган кылмыштуу топту түзгөндүгү үчүн шектелүүдө.

Кылмыш ишин токтотуу үчүн 1000 доллар талап кылган милиция кызматкери жөнүндө УКМКга 12-февралда билдиришкен. Ал эми арадан көп өтпөй эле 15-февралда УКМК кызматкерлери милиционер менен анын эки шеригин кармашкан.

Криминалдык милициянын майору даражасындагы өзгөчө маанилүү иштер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү 600 доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Тергөөнүн айтымында, майор жана анын шериктери жашыруун баңгизат таштап коюу жолу менен «кылмыш ишин токтотуу» үчүн акча опузалап алышкан.

Үчөө тең УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилип, пара опузалоо боюнча кылмыш иши козголду.

Милиционерлерди кармоо

2019-жылдын алгачкы эки айында эле ар кандай айыптар менен милициянын мурдагы жана учурдагы кызматкерлеринин бир нечеси кармалган.

Мурдараак 21-январда милиция кызматкери катышкан жол кырсыгы катталган. Натыйжада Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери (айрым ЖМКлардын маалыматтары боюнча кош бойлуу аял) каза тапкан. Мас абалында болгон милиционер жол кырсыгынан кийин аман калып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, ал эми тергөө аны камакка алууну талап кылган.

Арадан бир апта өткөн соң ЖКККББ старшинасы 11 жаштагы баланы сүзүп алып, мектеп окуучусу каза тапкан. Жол кырсыгы Новопавловка айылындагы мектеп имаратынын жанында жүз берген. Милиция териштирүү амалдарын баштап, старшина убактылуу кармоочу изоляторго киргизилген.

Укук коргоо органдарынын дагы бир кызматкери бир нече адам менен топтошуп кыз зордуктоо иши боюнча шектелген. Кызды 27-январда Новопокровка айылында Чоң Чүй каналдын жанында зордукташкан. Бишкектин Свердлов РИИБнин нөөмөт бөлүмүнүн жардамчысы бул кылмышка шектүүлөрдүн бири болгон, ал эми калган экөөнүн өздүгүн тергөө аныктоодо. Ал убактылуу кармоо изоляторуна киргизилгени тууралуу 30-январда белгилүү болсо, 31-январда аны үй камагына чыгарып коюшкан.

Ал эми 10-февралда мурдагы милиционер Айбек Сыдыковдун катышуусунда эки жол кырсыгы катталган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин күйөө баласы.

Сыдыков мас абалында эки автоунааны сүзгөндөн кийин анын «Лексус» үлгүсүндөгү унаасы айып унаа токтотуучу жайга киргизилген. Сыдыков ал жактан качып кетүү аракетин көрүп, дагы бир нече унааны сүзгөн.

Сыдыков укук коргоо органдарынан эки жыл мурда бошотулган. Ал учурда депутаттын күйөө баласы мушташ уюштуруп, Бишкекте «Ретро Метро» клубунун имаратына ок аткан. Ал кезде ага кылмыш иши козголуп, бейбаштык үчүн үч жылга шарттуу кесилип, милициядан бошотулган. Бирок анын адвокаты сот чечимине даттанган.