Өмүрбек Бабанов. Сүрөт: Kloop.kg үчүн тарткан Даниль Усманов

Мурдагы президенттикке талапкер жана бизнесмен Өмүрбек Бабанов өзүнүн Нооруз майрамына карата куттуктоосунда Кыргызстанга кайтып келээрин кыйытып өттү. Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодон утулуп калгандан кийин ага каршы бир нече кылмыш иштери козголгон. Ал ошол убакыттан тарта өлкөнүн чет жакасында жүрөт.

Нооруз майрамыбыз кут болсун!

Дорогие Кыргызстанцы! Поздравляю вас с праздником Нооруз – символом обновления, мира и тепла! С Днём возрождения, единства и созидания! Пусть в Кыргызстане всегда будет мир, справедливость и позитивные перемены! Пусть преумножатся чувства радости и счастья в каждой семье.До скорой встречи,Омурбек Бабанов***Урматтуу Кыргызстандыктар,Жаңылануу менен тынчтыктын символу болгон Нооруз майрамыбыз менен чын дилимден куттуктайм! Бул биримдиктин жана өнүгүүнүн күнү десем да болот. Өлкөбүздө ар дайым тынчтык болсун, акыйкаттык менен өзгөрүүлөр коштосун!Ар бир үйгө бакыт консун! Майрамыбыз кут болсун!Жакында көрүшкөнчө,Өмүрбек Бабанов

Posted by Омурбек Бабанов on Wednesday, March 20, 2019

Анын жакын үзөңгүлөшү жана «Республика — Ата-Журт» партиясынын лидери Руслан Казакбаев «Клоопко» ырастагандай, Бабанов Кыргызстанга «жакынкы убакта» келүүнү пландоодо.

«Ал өзүнүн мекенине, элине кызмат кылууну уланткысы [келет] [...] Бул жерде саясат жөнүндө суроо болгон жок. Менин билишимче, анын Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга жардам берүү боюнча пландары көп», — деди Казакбаев.

Ал Бабанов качан өлкөгө кайтып келе алаарын билбесин айтты: «Бул анын чечими болушу керек». Казакбаев бийлик Бабановдун кызлмыш иштерин кайра карап чыгып, аны куугунтуктоону токтотушаарына үмүттөнөт.

«Саясий жүйөөлүү кылмыш ишин [Бабановго каршы] адилеттүү каралып, жабылат деп үмүттөнөм [...] Кыргызстанды бул эмне иш экенин бардыгы эле түшүнүшөт», — деди ал.

Бабановдун Кыргызстанга кайтып келүүсү тууралуу маалымат экс-президент Алмазбек Атамбаев (кылмыш иштери ал өлкө башында турганда козголгон) менен азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы жаңжалдын шартында пайда болду.

Президенттердин араздашуусу башталгандан тарта Кыргызстанда 2018-жылы жайында Атамбаевдин тушунда соттолгон саясатчыларга каршы иштерди кайра карай башташкан. Казакбаевдин айтымында, Бабановдун билдирүүсүнүн контексти «[саясатчылардын] араздашуусуна таптакыр тиешеси жок».

Бабановдун президенттик кызматка болгон дымагы

Өмүрбек Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болгон. Анда ал шайлоочулардын добуштарынын 33 пайызын алып, экинчи орунга чыккан. Бабанов утулганын мойнуна алып, Жээнбековду жеңиши менен куттуктаган.

Кийинчерээк шайлоодон кийин Бабановго каршы бир нече кылмыш иши козголгон: биринчи иш боюнча аны бийликти басып алууга даярдануу, ал эми экинчиси — улуттар аралык кастыкты козутуу боюнча шектешкен. Бизнесмен өз дарегине тагылган айыптарды «сандырак» жана «укук коргоо органдарынын өз билемдиги» деп атаган.

Бабанов Кыргызстандан 2017-жылдын ноябрында чыгып кеткен, анын тарапкерлери саясатчы Москвага даарыланууга кеткенин кабарлашкан. Ошол эле жылдын 30-декабрында Бабанов саясаттан кетип жатканын жарыялаган. Ал өз чечимин шайлоодон утулуп калганда саясий карьерасын жыйынтыктоого убада бергени менен түшүндүргөн.

Бабанов өзү өлкөдөгү чоңдугу боюнча экинчи орунда турган «Республика — Ата-Журт» партиясын жетектеген жана 2011-2012-жылдары өкмөт башчылык кызматты аркалаган.