УКМК: Бабанов эгер Кыргызстанга келсе жоопкерчиликке тартылат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бизнесмен жана «Республика» партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келип калса жоопкерчиликке тартылаарын билдирди.

Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодон утулуп калгандан кийин ага каршы бир нече кылмыш иштери козголгон күндөн тарта өлкөнүн чет жакасында жүрөт.

Ал 21-мартта өзүнүн Нооруз майрамына карата куттуктоосунда Кыргызстанга кайтып келээрин кыйытып өткөн. Анын жакын үзөңгүлөшү жана «Республика — Ата-Журт» партиясынын лидери Руслан Казакбаев Бабанов Кыргызстанга «жакынкы убакта» келүүнү пландап жатканын «Клоопко» ырастаган.

Бабановдун Кыргызстанга кайтып келүүсү тууралуу маалымат экс-президент Алмазбек Атамбаев (кылмыш иштери ал өлкө башында турганда козголгон) менен азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы жаңжалдын шартында пайда болгон.

Президенттердин араздашуусу башталгандан тарта Кыргызстанда 2018-жылы жайында Атамбаевдин тушунда соттолгон саясатчыларга каршы иштерди кайра карай башташкан. Казакбаевдин айтымында, Бабановдун билдирүүсүнүн контексти «[саясатчылардын] араздашуусуна таптакыр тиешеси жок».

Бабановдун президенттик кызматка болгон дымагы

Өмүрбек Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болгон. Анда ал шайлоочулардын добуштарынын 33 пайызын алып, экинчи орунга чыккан. Бабанов утулганын мойнуна алып, Жээнбековду жеңиши менен куттуктаган.

Кийинчерээк шайлоодон кийин Бабановго каршы бир нече кылмыш иши козголгон: биринчи иш боюнча аны бийликти басып алууга даярдануу, ал эми экинчиси — улуттар аралык кастыкты козутуу боюнча шектешкен.

Бизнесмен өз дарегине тагылган айыптарды «сандырак» жана «укук коргоо органдарынын өз билемдиги» деп атаган. Бабанов Кыргызстандан 2017-жылдын ноябрында чыгып кетип, бир айдан соң саясаттан кетип жатканын жарыялаган.

Бабанов өзү өлкөдөгү чоңдугу боюнча экинчи орунда турган «Республика — Ата-Журт» партиясын жетектеген жана 2011-2012-жылдары өкмөт башчылык кызматты аркалаган.