24-март күнү Лондондо өткөн жиу-житсу боюнча чемпионатка сырткы көрүнүшү Кыргызстандан куулган президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге абдан окшош болгон Макс Бакаев аттуу бирөө катышкан.

Жеңиши менен куттуктоолор тартылган сүрөттү Суррей графтык спортклубу социалдык тармактарга жарыялаган — ушул эле аймакта Максим Бакиевге тиешелүү хан сарай жайгашкан. Көп өтпөй сүрөттүн алдында орус тилиндеги комментарийлер пайда боло баштаган — колдонуучулар спортчуну Максим Бакиев деп таанышкан. Андан соң спортклуб бул кишинин сүрөттөрүн өз коомдук тармактарынан өчүрүп салган.

Максим Бакиев деген ким?

Максим Бакиев — 2010-жылдын 7-апрелиндеги революциянын жыйынтыгынан улам бийликтен ажыраган Кыргызстандын экинчи президенти Курманбек Бакиевдин экинчи уулу.

Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин Максим Бакиевди каржылык мыйзам бузууда айыпташып, үй мүлкүн конфискациялоо менен сыртынан 25 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган.

Кыргызстандын Жогорку соту Курманбек Бакиевдин өзүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларда нааразылык көрсөткөндөргө каршы курал колдонуп, жыйынтыгында Ак үйдүн алдында ондогон адамдардын курман болгондугу үчүн 30 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Курманбек Бакиев жарандык жубайы, бир тууганы жана улуу баласы менен өлкөдөн качып чыгып Белоруссияда жайлашып калган, ал эми Максим Бакиев Улуу Британияга кеткен.