Милиция «Токмок — Автодорожный» өткөрмө бекетиндеги ок атышуунун катышуучуларына айып такты

Чүй облустук ИИБинен билдиришкендей, Дастан Бейшенкуловго «Опузалоо», «Бейбаштык» жана «Адам өлтүрүү үчүн кол салуу» беренелери боюнча айып тагылды. Атыштын экинчи катышуучусу Аскат Үсөнов болсо «Бейбаштыкка» айыпталды. Иштин материалдары Токмок шаардык сотуна өткөрүлүп берилди.

«Кактус» басылмасынын журналисттери 25-январда маалымдашкандай, «Токмок — Автодорожный» көзөмөл өткөрмө жайындагы ок атышууга төрт аткезчи катышкан. Бирок башында ок атышуу фактысын бажы кызматы да, Чүй облусунун ИИБи да танып коюшкан.

Милицияда болсо биринчи сурак учурунда жаңжалдын катышуучулары бири-бирине койгон дооматтарынан баш тартышкандыктан, алар бул окуяны иликтешкен эместигин айтып актанышкан.

Жаңжалдын катышуучуларынын бири Аскат Үсөнов журналисттерге ок атышууга Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кубанычбек Кочкорбаев менен эл өкүлүнүн тууганы Урмат Самаев катышкан деп айтып бергендей кийин милиция ок атышуу тууралуу өз оюн өзгөрткөн.

Үсөнов 28-январда президент Сооронбай Жээнбековго видеокайрылуу жасаган. Видеодо ал «Самаевден коргоону жана жардам» сураган. Самаев өзү 26-январь күнү эле «Токмок — Автодорожный» көзөмөл өткөрмө бекетиндеги окуяга «эч кандай тиешеси жоктугун» айткан.

ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев окуя болгон күндөн бир ай өткөн соң милициянын кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө жүргүзүлүп атканын билдирген.