Бизнесмен жана мурдагы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов бир жарым жылдан бери НТС телеканалына алгачкы интвервьюсун берди. «Клооп» анын телеканал башчысы менен болгон маегиндеги негизгилерин айтып берет.
«Республика» партиясынын башчылыгынан кетүү. Мени муну кылууга аргасыз кылышты. Менин тарапташтырыма басым кылышты, менин парламентте отурган үзөңгүлөштөрүмдү Ак үйдүн жетинчи кабатына Икрамжан Илмияновго чакыра башташты. Анын иш бөлмөсүндө УКМКнын жана Башкы прокуратуранын кызматкерлери бар болчу. Алар партиялаштарымды коркутуп, менин партиянын башчылыгынан түшүрүү үчүн кол топтоого мажбурлашкан. Мага каршы кылмыш иштерин козголгонун интернеттен билдим.
Тарапташтарыма карата куугунтуктоолор токтотулушу үчүн саясаттан кеткем. Шайлоодон кийин тарапташым Руслан Казакбаевге Турциядан жолугуп, андан Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууну сурандым. Жолугушууда алар мындай шарт коюшту: мен саясаттан кетип, депутаттык мандатымды тапшырып, ошондой эле Кыргызстандан жок эле дегенде бир жылга кетишим керек болду. Биз сүйлөшүүлөрдү бир ай жүргүздүк. Мага каршы кылмыш ишинин жабылуусун жана менин тарапташтарыма басым көрсөтүлбөсүн деп сурадым. Мен өз убадамды аткардым да бир жарым жылдын аралыгында Атамбаев менен да, Жээнбеков менен да сүйлөшкөн жокмун. Менин жакындарым президент менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишкен, бирок УКМКнын мага каршы токуган кылмыш иши дагы деле жабыла элек.
Мен Кыргызстанга өз эрким менен кайтып жатам. Кыргызстанга жакынкы күндөрү кайтып келүүнү пландап жатам. Мен эч жака качкан эмесмин, эч кимден жашынган эмесмин жана өз каалом менен кайтып жатам. Тергөөчүлөрдүн суроолоруна мыйзам чегинде жооп берүүгө даярмын. Бийлик мыйзам бузбайт деп ишенем. Мекенимди жана элимди сагынып кеттим.
«Республика» 2020-жылдагы парламенттик шайлоого барат. Бул партия — мен эле эмесмин. Анын депутаттары парламентте отурушат, жергиликтүү кеңештердеги депутаттар да бар. Алардын баары шайлоого катышат деп ойлойм.
Кыргызстанга инвестициялар аркылуу жардам бергим келет. Өлкөнүн экономиканы өнүктүрүш керек, бирок мага каршы козголгон кылмыш ишимдин айынан эл аралык инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө албай келем. Жеке көйгөйлөрүм чечилбей жатканда кайсы инвестициялар жөнүндө сүйлөшмөк элем? Алгач мага жана менин тарапташтарыма басым көрсөтүлбөгөндөй жашоо керек.
Атамбаев менен Жээнбековдун араздашуусу өкүндүрөт. Алардын чыр-чатагы Кыргызстанга пайда алып келбейт. Азыр өлкөгө аны бириктире турган адамдар керек. Эгер алар бириксе Кыргызстанда туруктуулук орнойт. Алар өз чырларын өздөрү чечип алышы керек деп эсептейм.
Текебаев менен Жапаровдун иштери — саясий. Мен Текебаев менен дос болбогонума, аны сындаганыма карабастан, анын иши 100 пайыз саясий иш. Аны актап, депутаттык мандатын кайтарып бериш керек. Садыр Жапаровдун иши дагы саясий — жабыр тарткан Эмилбек Каптагаев өзү Жапаров күнөөлүү эмес деп айткан.
Судьялар бийликтен көз каранды. Атамбаевдин өзүнүн башкаруусу учурунда көз карандысыз сот системасүн түзө алган жок. Ал эми бул өлкөгө инвестицияларды тартуу үчүн керек. Жакында эле Жээнбеков өзү Кыргызстанда судьяларга ишенүүгө болбосун айткан.
Бабановдун президенттик амбициялары
Өмүрбек Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодогу бийликчил кандидат Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болчу. Ал шайлоодо добуштардын 33 пайызына ээ болуп, экинчи орунду алган. Бабанов жеңилгендигин моюнга алып, Жээнбековду жеңиши менен куттуктаган.
Кийинчерээк шайлоодон кийин Бабановго каршы бир нече кылмыш иши козголгон: биринчи иш боюнча аны бийликти күч менен басып алууга, экинчи иш боюнча — улуттар аралык кастыкту козутууга айыпташкан. Бизнесмен өз дарегине тагылган айыптарды «такыр маанисиз» жана «укук коргоо органдарынын өз билемдиги» деп атаган.
Бабанов Кыргызстандан 2017-жылдын ноябрында чыгып кеткен. Анын тарапташтары кабарлашкандай, ал Москвага дарыланууга кеткен. Ошол эле жылдын 30-декабрында Бабанов саясаттан кетип жаткандыгы тууралуу жар салган. Ал өз чечимин шайлоодо эгер утулуп кала турган болсо саясаттагы карьерасын жыйынтыктайм деп берген убадасы менен түшүндүргөн.
Бабанов өзү чоңдугу боюнча өлкөнүн экинчи орунунда турган «Республика — Ата-Журт» партиясын узак убакыт бою башкарып, 2011-2012-жылдары Кыргызстандын премьер министри болгон.