«Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» салтанатынын расмий ачылышы 20-апрелде Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо өттү. Ага 10 миңге чукул көрүүчү күбө болду.

Майрамдык иш-чара театралдаштырылган оюн-зоок жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн артисттеринин катышуусундагы концерт менен коштолду. Расмий ачылышка президент Сооронбай Жээнбеков, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Дюсен Касеинов, түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданият министрлеринин орун басарлары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

18-апрелде башталган салтанаттын алкагында, калаанын борбордук бөлүгүндө каада-салт, улуттук тамак-аш, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө, фестивалдары өткөрүлгөн. Салтанатка карата Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадион оңдоп-түзөөдөн өткөн. Ошондой эле, көп кабаттуу үйлөр жана мекеме-ишканалардын сырты боёлуп, жол сызыктар жаңыртылган.

Ош шаары 2019-жылы ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланган. Буга чейин Казакстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана Татарстандын шаарлары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору аталган.

ТҮРКСОЙ — түрк тилдүү элдердин материалдык, маданий мурастарын сактоо жана келечек муундарга өткөрүп берүү максатын аркалаган эл аралык уюм. Аталган уюм 2014-жылды Токтогул Сатылганов жылы, 2016-жылды – Жусуп Баласагын, ал эми 2018-жылды – Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялаган.

Сүрөттөрдүн автору: Ыманбек Нурдинов
Фотосүрөттөрдү редактору: Адилет Абдырасул уулу
Редакторлору: Айдай Беделбек кызы, Гүлжан Эшбаева