Депутаттар Кыргызстанда уран казууга 2070-жылга чейин тыюу салууну сунушташууда

Таш-Булак уран кени. Сүрөт: Economist.kg басылмасы

«Ата Мекен» жана «Бир Бол» фракцияларынын лидерлери Алмамбет Шыкмаматов менен Алтынбек Сулайманов уранды 2070-жыга чейин казууга, чалгындоого жана изилдөөгө мораторий киргизүү үчүн мыйзам долбоорун даярдашкан. Депутаттар мыйзам долбоорун коомдук талкууга 25-апрелде чыгарууну пландап жатышат.

Шыкмаматовдун айтымында, уран казып алуудагы заманбап технологиялар айлана-чөйрө менен жарандардын саламаттыгынын «коопсуздугун толугу менен камсыз кыла албайт».

«Жаңы муун жаңы технологиялар менен айлана-чөйрөгө зыян тийгизбестен уран казып ала алат деп ойлойбуз. [...] Биздин өлкөбүздө Майлуу-Суу, Айдаркен жана Кажы-Сайда жарылууга эң кооптуу калдык сактагычтар бар. Алар ондоп саналат. Биз аларды эмне кылуу керектигин чече албай, калдык сактагычтарды сактоо үчүн акча жалбарып сурап жүрөбүз да, а бул жерде өзүбүз жаңы калдык сактагычтар үчүн шарттарды түзүп жатабыз», — деп айтты депутат «Клоопко» курган маегинде.

Ал түзүлүп жаткан комиссиялар чайкоочулук болуп кетиши мүмкүндүгүнөн улам уранды коопсуз казуу маселесин чече алышпасын кошумчалады.

«Эгер биз мораторийди азыр киргизсек, анда жакынкы келечекте бул мораторийди артка чакыртууга эч кимдин колу барбаса керек. Эл буга жол бербейт. Биздин демилгени депутаттар колдоп, президент кол коюп берет деп үмүттөнүп жатабыз», — деди мыйзамдын экинчи демилгечи депутаты Алтынбек Сулайманов.

Ошондой эле, КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев айлана-чөйрөнү жана калктын саламаттыгын сактоо жана коргоо үчүн Ысык-Көл облусунда уран казууга 20 жылга чейин тыюу салууну сунуштады.

Депутаттар Ысык-Көл облусундагы Таш-Булак уран кенин пландалган иштетүүсүнө жарандардын нааразы болушунун жана митингдердин шартында мораторий киргизүүнү сунушташууда. Таш-Булакта уран казууга каршы петицияга 27 миң адам кол койгон.

Митингдерден кийин өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Таш-Булак уран кенинде иштерди токтото турууну буйруган. Компаниянын имараттарынын бардыгына мөөр басылып, кызматкерлер уран кенинен чыгарылган.

Өкмөт башчысы уран кениндеги иштердин айлана-чөйрөгө таасирин «дыкат» талдап чыга турган комиссия түзгөн.

Эгер комиссия кен чыгуучу жерде уран казуу коопсуз деп чече турган болсо, анда бул чийки зат 450 адамды жумуш менен камсыздай ала турган Кара-Балта тоо кен комбинатынын ишке киришине жардам бере алат.

ТЕМА БОЮНЧА: