Ысык-Көлдө уран казуу. Инвесторлор жумуштардын бардыгын токтотуп турууну чечишкенин кабарлашты

«Борбор азиялык уран компаниясынын» башчысы Андрей Акимов 24-апрелде инвесторлор Ысык-Көл облусунун тургундарынын нааразылык акцияларынан улам Кыргызстанда уран казуу боюнча иштердин бардыгын толугу менен токтото турууну чечишкенин маалымдады.

«Биз Кыргызстанда жасап аткан жана жасаганы жаткандыгыбыз тууралуу маалыматтардын 95 пайызы чындыкка коошпойт», — деп билдирди Акимов.

«Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын өкүлдөрү уран казуунун эң эле коопсуз ыкмасын тандап алышканын айтышууда.

«Биз уранды казууда дүйнөдөгү эң коопсуз технологияны тандап алганбыз: химиясыз, жардыруусуз жана калдыксыз. Биз жөн эле аймакты тазалап чыгып кетебиз, ал жер таза, иштеткенге ыңгайлуу болуп калат. Зарыл болсо, биз ал жерге бак тигип кетебиз. Жайытты жакшыртабыз. Азыр ал жер жөн эле таш жаткан талаа», — деди компаниянын өкүлү «Азаттыкка».

Ысык-Көл облусундагы Таш-Булак уран кенин иштетүүнү «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы пландап жатат. Анын акцияларын 2020-жылы «Борбор азиялык уран компаниясы» сатып алганы жаткан. Ушул эле фирма уранды кайра иштетип чыгуу пландалып жаткан Кара-Балтадагы тоо кен комбинатына акча инвестиция кылат.

Уран казууга каршы митинг

Кыргызстандыктар айлана-чөйрөгө зыян тиет деп Ысык-Көлдө уран казууга каршы чыгышууда. Жергиликтүү тургундар бир нече жолу митигге чыгып, уран кенин жабууну талап кылышкан. Сhange.org сайтынданы онлайн петиция 25 миңден ашуун кол топтогон.

Мындан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Таш-Булак уран кениндеги иштерди убактылуу токтото турууну буйруган. Өкмөт башчысы уран кениндеги иштердин айлана-чөйрөгө таасирин «дыкат» талдап чыга турган комиссия түзгөн.

Эгер комиссия кен чыгуучу жерде уран казуу коопсуз деп чече турган болсо, анда бул чийки зат 450 адамды жумуш менен камсыздай ала турган Кара-Балта тоо кен комбинатынын ишке киришине жардам бере алат.