Ысык-Көлдөгү митинг: Тургундар Таш-Булак уран кенин жабууну талап кылышууда

Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун тургундары Таш-Булак уран кенин жабууну талап кылып митингге чыгышты.

«Жергиликтүү тургундары митингге чогулушту. Алар кенди жабууну талап кылышууда», — деп айтып берген 24.kgге активист Акжолтой Тукунов.

Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов митингдеги кырдаалды милициянын кызматкерлери көзөлдөп жатат деп билдирди «Клооптун» кабарчысына.

«Жергиликтүү тургундар Кубакы ашуусунда чогулууну чечишти. Милиционерлер кадимки эле тартипте иштеп жатышат, абал туруктуу, кандайдыр бир тартип бузуулар катталган жок», — деди ал.

Анын айтымында, жергиликтүү бийлик митингдеги бардык кыймыл-аракеттер мыйзам чегинде болушу керек деп тургундарга түшүндүргөн.

«Алар митинг эле өткөргөнү жатышат, жолду тосууну көздөшкөн жок. [...] Активисттер маморгандардын түшүндүрүү иштерине түшүнүү менен карашат», — деди Усубакунов.

Парламенттин депутаттары өкмөткө уран кени чыккан жерди иштетүүгө берилген лицензияны кайра карап чыгууну сунуштады.

«2010-жылы лецензия берүү процедурасы эмнегедир “тымызын” өткөн экен. Ысык-Көл жээгинде уран казып алуу жана иштетүү айлана-чөйрөгө оңдолгус зыян тийгизет», — деп билдирди депутат Алмамбет Шыкмаматов.

change.org сайтындагы «Биз Ысык-Көлдөгү уран кенин иштетүүгө каршыбыз!» аттуу онлайн петиция бир сутканын ичинде 10 миңдеп ашуун кол топтогон.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамкомитети кен иштетүү «экологиялык жактан коопсуз» болуп, жаңы жумуш ордуларын түзөт деп айтууда. Ведомство жергиликтүү тургундарга кендеги ишти карап жаткан ведомстволор аралык комиссиянын курамына кирүүнү сунуштады.

Таш-Булак кениндеги геологиялык чалгындоо иштери 2013-жылдан бери жүргүзүлүүдө. Кен чыгуучу жерди иштетүү лицензиясына «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы ээ. Бул Тоң районунда негизги салык төгүүчү — акыркы алты жыл ичинде компания мамказынага 87,5 млн сомго чукул акча төккөн.