Милиция премьер-министрдин тууганынын «Мегакомдун» директоруна даректелген коркутууларын текшерет

ИИМдин басма сөз кызматынан «Клоопко» билдиришкендей, алар «Мегакомдун» башкы директору Акылбек Жамангуловдун Иманкадыр Рысалиев коркуткан деп айткан билдирүүсүн текшеришүүдө. Рысалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы.

«Текшерип жатабыз. Эгер коркутуу фактылары тастыкталса, анда тийиштүү чаралар көрүлөт», — деп билдиришти ведомстводон.

Жамангулов 17-майда Рысалиев аны бир нече жолу коркутуп, «Мегакомдун» ишмердиги текшерилет деп айтканын билдирген. Рысалиев өзү Жамангулов менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, бирок аны коркутпаганын билдирген. Ал Жамангуловдун айткандарын «курулай жалаа жабуу» деп атаган.

Иманкадыр Рысалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге бажа, ал эми анын уулу — Эрназар Рысалиев мамлекеттик «КТ Мобайл» компаниясынын башкы директорунун орун басары болуп иштеген. Бул компания «Мегаком» менен биргеликте «Салам» бренди менен жаңы байланыш операторун ишке киргизүүнү пландоодо.

Май айынын ортосунда коомдук тармактарда «КТ Мобайл» компаниясынын жогорку жетекчилиги айына 300 миңден 350 миң сомго чейин айлык акы алып турушкан делгени айтылган маалымат пайда болгон. Бул окуядан кийин ишкананын башкы директору Нурбек Мукамбетов жана анын орун басары Эрназар Рысалиев ээлеген кызматтарынан кетишкен. Эрназар Рысалиев өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин кайын иниси болуп эсептелет.

Жаңжалдын шартында Абылгазиевди өз туугандарына жумушка орношууга жардам берет деп күнөөлөп башташкан, бирок анын басма сөз кызматы бул айыптоолорду «куру сөз» деп атаган.